Ордо калаанын №62 мектебинин жаңы окуу корпусу ачылды

Ордо калаанын №62 мектебинин жаңы окуу корпусу ачылды. Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, имарат 1 миң 500 окуучуга чакталат.   Корпуста окуу процесси үчүн бардык зарыл техника жана эмеректер бар. Окуу класстарынан тышкары, лаборатория, атайын жабдылган предметтик  кабинеттер каралган.

Бишкек-Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унааларга чектөө алынды

Бишкек-Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унааларга чектөө алынды. Ал эми Сосновка постунда оор жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө дале күчүндө.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн трассанын 127-чакырымында көлөмү 45 миң кубометрлик кар көчкү түшүп, жол транспорттун бардык түрүнө жабылган… Кененирээк…

Бишкектеги абанын сапаты канааттандырарлык

Бишкектеги абанын сапаты канааттандырарлык. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   IQAir жарыялаган маалыматка таяна турган болсок, бүгүнкүгө  карата ордо калаадагы абанын булгануусунун индекси 67 болду. Бул көрсөткүч абанын сапаты канааттандырарлык дегенди билдирет.

Жол кызматтарына жаңы атайын техника тапшырылды

Жол кызматтарына жаңы атайын техника тапшырылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан кар тазалоочу жана кум-туз аралашмасын себүүчү 60 машина жеткирилди.   Транспорттун жалпы баасы  50 миллион сомду түзөт. Ведомстводон белгилешкендей, 2022-жылы өлкөгө 32 даана техника келсе, 2023-жылы 265 машина жеткирилген.  Жол тейлөө ишканаларына республикалык… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире 30-январдан тарта көтөрүлөт

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире 30-январдан тарта көтөрүлөт. Токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинде кабыл алынды. Документке ылайык, коомдук транспорттун бардык түрүндө жол кире накталай  20 сом, накталай эмес 17 сом, ал эми мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин колдонуу менен 11 сомду түзөт.   Эске салсак, жаңы… Кененирээк…

Испания Суперкубогунда жеңишке жеткени үчүн “Реалдын” ар бир футболчусуна 150 миң евродон тапшырылат

Испания Суперкубогунда жеңишке жеткени үчүн “Реалдын” ар бир футболчусуна 150 миң евродон тапшырылат. Мадриддик клубдун жетекчиси Флорентино Перес команданын жана машыктыруучу штабына сый акы катары  4 миллион евро бөлүп берди.   Эске салсак, Суперкубоктун алкагында “Реал” менен “Барселона” Эр-Рияд шаарында беттешип, оюн 4:1 эсебинде мадриддик… Кененирээк…

Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны 7 пайызга кыскарды

Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны 7 пайызга кыскарды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсундардын саны 91 миң 600 адамды түзү.   Бул 2022-жылга салыштырмалуу, 7 пайызга аз.   Ошол эле учурда жумушсуз жүрүп ишке… Кененирээк…

Өтүп кеткен жылы жашоо минимуму 7 миң 681 сомду түздү

Өтүп кеткен жылы жашоо минимуму 7 миң 681 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 2022-жылга салыштырмалуу, көрсөткүч 7 пайызга өстү. Жашоо минимумунун эң чоң суммасы Жалал-Абад облусунда катталса, эң төмөнкү көрсөткүч – Таласта.   Эске салсак, жашоо минимуму – бул негизги керектөөнү канааттандыруу… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолу кыймылга жабылды

Бишкек – Ош унаа жолу кыймылга жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматы билдиргендей, Төө-Ашууга тиешелүү   127-чакырымда көлөмү 4 миң кубометр кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу, “Сосновка” постунда транспорттун бардык түрүнө чектөө киргизилди.   Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүүдө.

Кыргызстанда орточо айлык 32 миң 142 сомду түздү

Кыргызстанда өткөн жылдын январь айынан ноябрга чейин орточо айлык 32 миң 142 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.   2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 20,5 пайыздан ашык өскөн.   Маянанын жогорулашы мамлекеттик башкаруу, коргоо, социалдык, суу менен камсыздоо жана… Кененирээк…