Кыргызстанда акча которуулар 9 айда 774 миллион долларга кыскарды

Ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Кыргызстанга 1 миллиард 437 миллион 590 миң доллар которулганын Улуттук банк билдирди. Бул жеке жактар которгон каражат. Акчанын басымдуу бөлүгү — 1 миллиард 304,7 миллион доллары Россиядан түшкөн. Белгилей кетсек, 2022-жылдын ушул мезгилинде Кыргызстанга 2 миллиард 211,6 миллион… Кененирээк…

Бишкектеги суу ташкыны. “Бишкексуучарбанын” директору иштен алынды

Бишкектин түштүк тарабында орун алган суу ташкынынан кийин мэр “Бишкексуучарба” муниципалдык ишканасынын директору Радик Жумабек уулун кызматтан алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Ошондой эле вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев менен Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевге сөгүш жарыяланды. Мэриядан белгилешкендей, күн мурун түштөн кийин абанын температурасынын кескин… Кененирээк…

Баткенде 3 миң үй-бүлө акысыз жана арзан баада көмүр менен камсыз болду

Баткен облусунда 3 миң үй-бүлө акысыз жана эң төмөнкү баада көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун бир жылдык көмүргө болгон ички керектөөсү 129 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен калктын керектөөсү 98,2 миң тонна. Бүгүнкү күндө жергиликтүү калк… Кененирээк…

Ош шаарында орус тилин окутуу боюнча алгачкы борбор ачылды

Бүгүн Ош шаарындагы Орус үйүндө Роскызматташтыгынын өкүлчүлүгү алдында орус тилин окутуу боюнча окуу борбору ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.   Ачылыш аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, Ош шаарынын тургундарына жана конокторуна орус тилин үйрөнүү жана Орусия менен… Кененирээк…

Бишкектеги Ала-Арча каналындагы суу ташкыны токтотулду

Бишкектеги Ала-Арча каналындагы суу ташкыны токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүн абанын температурасынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ала-Арча дарыясынын нугунда муз тыгыны пайда болду.   Тыгындарды жоюу үчүн «Бишкексуучарба», «Бишкекжашылчарба», «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары… Кененирээк…

Бишкектеги «Ала-Арча» соода борборунун балдар аянтчасы мэрияга өттү

Бишкектеги «Ала-Арча» соода борборунун 344 миллион сомго бааланган балдар аянтчасы мэрияга өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, тергөө учурунда 2007-жылы «Э.И.Г.» компаниясына Тынчтык проспектисинде жайгашкан 2,16 гектар жер коомдук-соода борбору бар көп кабаттуу комплекс куруу үчүн 49 жылга ижарага берилгени аныкталган. «Бишкек мэриясы койгон… Кененирээк…