Чүй облусунда автоунаа чогултуу боюнча заводдун курулушуна капсула салынды

Чүй облусунда автоунаа чогултуу боюнча заводдун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, жеңил жана коммерциялык унааларды, атайын техникаларды чогултууга, транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка чыгарууга багытталган.   Ишкана министрлер кабинети, жергиликтүү ишканалар жана кытай… Кененирээк…

АКШда жаш жубайлар алардын үйлөнүү тоюндагы тамак-аш үчүн конокторду төлөттү

АКШда жаш жубайлар алардын үйлөнүү тоюндагы тамак-аш үчүн конокторду төлөттү.   Алар меймандарга белектин ордуна тамак үчүн акча которууну суранган. Чоңдордон 40 доллардан, ал эми балдардан 20 доллардан талап кылынды.   Коноктордун бири мындай өзгөчө чакыруу кагазын интернетке жайгаштырды. Бул идеяны жактыргандар дагы, сындагандар дагы… Кененирээк…

Адамдардын IQ даражасы боюнча өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды

Адамдардын IQ даражасы боюнча өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды. Сап башында Түштүк Кореянын жарандары турат. Алардын IQ даражасы 107,54 балл деп белгиленген.   Экинчи орунда Кытай. Үчүнчүдө Иран турат. Маалыматта айтылгандай, бул рейтинг International IQ test порталы аркылуу өз каалоосу менен тесттен өткөн адамдардын натыйжаларына карап түзүлгөн.   Кыргызстан:… Кененирээк…

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынынын филиалдарында  2024-25-жылдын күз-кыш мезгилине карата 30 отказанды жаңылоо планадалууда

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынынын филиалдарында  2024-25-жылдын күз-кыш мезгилине карата 30 отказанды жаңылоо планадалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Беловодск, Нарын, Каракол, Жалал-Абад, Таш-Кɵмүр, Кара-Кɵл бөлүмдөрүнө ар кандай кубаттулуктагы 24 даана отказан орнотулат. Ал эми калган 6 отказанды Россиядан Кара-Балта, Токмок, Талас жана Майлуу-Суу… Кененирээк…

Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланды

Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланды. Эске салсак, станцияны жаңыртууга  28 миллион долларды Швейцария бөлүп берген. Каржы министрлигинен билдиришкендей, бөлүнгөн каражат толугу менен өздөштүрүлдү.   Реконструкция иштеринин жыйынтыгында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, электр станциясынын техникалык жоготуулары азайды. ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 14 пайызга чейин жогорулатылган.

Кыргызстанда 300дөй адвокаттын лицензиясын алуу маселеси каралууда

Кыргызстанда 300дөй адвокаттын лицензиясын алуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди. Анын сөзүнө караганда, өлкөдө адвокатура тармагын ирээтке келтирүү ишинин алкагында 2023-жылдын декабрь айында министрликке Адвокаттар кеңеши 300дөй адвокаттын лицензиясын алуу жана токтотуу тууралуу сунуш берген.   “Адвокаттык… Кененирээк…

Чүй облустук театрынын жаңы имараты ачылды

Узак убакыттан бери өзүнүн имараты жок болуп келген Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры мурдагы «Октябрь» кинотеатрынын имаратына жайгаштырылды.   28-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү облустук театрдын имаратынын ачылышына катышты. Анда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” чыгармасынын… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир скважина пайда болду

Бишкекте дагы бир скважина пайда болду.   Мэриядан билдиришкендей, ал Театралдык сквердин аймагында орун алат. Скважинанын тереңдиги 100 метр, кубаттуулугу саатына 65 метр куб сууну түзөт.   Бул скважина болжол менен 10 гектар аянтты суугарып жашылдандырат.

Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү дагы төмөндөдү

Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү дагы төмөндөдү. Учурда башкы резервуарда 8 миллиард кубометр суу бар.   “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда учурда суу сактагычка секундуна 161 метр куб суу агып кирсе, кайра 809 метр куб суу агып чыгууда.   Адистер аталган суу сактагычта суунун көлөмү… Кененирээк…

Эки бир мандаттуу округда Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо өтөт

Эки бир мандаттуу округда Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо өтөт.   Бул тууралуу 24 агенттигине БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, кеп Кара-Суу жана Баткен округдары тууралуу болуп жатат.   Бул райондордон келген Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиев мандаттарын тапшырды. Жогорку Кеңешке партиянын тизмеси… Кененирээк…