ФИФА рейтингинде Кыргызстан бир тепкичке төмөндөдү

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде бир позицияга төмөндөдү. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, учурда биздин өлкө 97-орунда.   ФИФАнын рейтинги бүгүн жарыяланды. Топ үч дүйнөлүк рейтингдеги лидерлер — Аргентина, Франция, Бразилия.   Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргызстандын курамасы 17-сапта турат.

Жапаров Жалал-Абадга жаңы автобустар жана жеңил унааларды тапшырды

Садыр Жапаров Жалал-Абадга жаңы автобустар жана жеңил унааларды тапшырды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, шаардын жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт паркы 50 жаңы автобус менне толукталды. Алар жакын арада линияга чыгат.   Мындан сырткары облустук ички иштер башкармалыгына жана сотко жаңы унаалар тапшырылды. Техникалар кызматкерлердин ишин тезирээк бүтүрүүгө жардам… Кененирээк…

«Тез жардамда» иштегендердин айлыгын көтөрүү маселеси каралууда

«Тез жардамда» иштегендердин айлыгын көтөрүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеште билдирди.   Чиновник ошондой эле «Тез жардам» кызматында дарыгерлер, адистер жетишсиз экенин айтты. Маалыматка ылайык, учурда 726 бригада бар, бирок маянанын аздыгынан кызматкерлерди табуу оңой эмес.

Ат-Башыда 120 орундуу бала бакча курулууда

Ат-Башыда 120 орундуу бала бакча курулууда. Райондук администрациядан билдиришкендей, объект Баш-Кайыңды айылында жайгашат.   Курулушка мамлекеттен 73 миллион сом каралган. Мектепке чейинки мекеме 2024-жылы ишке берилет деп пландалууда.

Жакынкы бир саатта Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Жакынкы бир саатта Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындан улам, унааны имараттын жана бак-дарактын түбүнө токтотпоо, электр чубалгыларынын жанына турбоо, үйдүн эшик-терезелерин жабуу сунушталат.   «Кырсык… Кененирээк…

Баткен облустук сотуна жаңы төрага дайындалды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун буйругу менен судья Алмазбек Апышев Баткен облустук сотунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.   Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатка Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова тааныштырды.  

Францияда фермер сүйүктүүсүнө адаттан тыш үйлөнүү сунушун киргизди

Францияда фермер сүйүктүүсүнө адаттан тыш үйлөнүү сунушун киргизди. Ал тракторлор менен бир жыл бою талаага “Сен мага турмушка чыгасыңбы?” деген сөздү жазып чыккан.   Фразанын узундугу 180 метрди түзөт.   Кийин француз сүйлөшкөн кызын талаага сейилдөөгө чакырып, дронду асманга учурган. Анын экранынан чоң жазууну көргөн… Кененирээк…

Берлинге жакын жерде ашкабак көргөзмөсү ачылды

Берлинге жакын жерде ашкабак көргөзмөсү ачылды. Бул жерге келгендер салмагы дээрлик бир тоннага жеткен өсүмдүктөрдү көрүп, андан жасалган тамактардын даамын тата алышат.   Быйыл ашкабак боюнча мелдештин жеңүүчүсү болуп дээрлик 900 кг салмактагы жашылча табылды. Аны өстүрүү үчүн дыйкан Оливер Граф күнүнө 100 литрге чейин… Кененирээк…

Дүйнөлүк туризмдин кирешеси дээрлик 95% калыбына келди

Дүйнөлүк туризмдин кирешеси дээрлик 95% калыбына келип, 9,5 триллион долларга жакындады. Бул 2019-жылдын деңгээлинен 5% гана төмөн.   Талдоочулардын айтымында, бул тармак COVID-19 пандемиясынан дээрлик толугу менен “айыгып кетти” дегенди билдирет.   Мындай маалыматтар Бүткүл дүйнөлүк саякат жана туризм кеңешинин быйылкы изилдөөсүндө келтирилген.   Ошол… Кененирээк…

Бишкекте жеке унааларга автобус тилкесинде түнкүсүн жүрүүгө уруксат берилди

Бишкекте жеке унааларга Түштүк магистралдагы жана Байтик баатырдагы автобус тилкеси менен түнкүсүн жүрүүгө уруксат берилди.   Транспорт департаменти билдиргендей, уруксат кечки саат 9дан таңкы 7ге чейин күчүндө болот.   Калган убакта линиялар коомдук транспорт үчүн гана жарактуу.