Бишкекте ECO TAXI паркын кеңейтүү пландалууда

Бишкекте ECO TAXI паркын кеңейтүү пландалууда. Мэриядан билдиришкендей, жыл аягына чейин кошумча 120 заманбап жана экологиялык таза электромобилдер алынып келинет.   Эске салсак, муниципалдык ECO TAXI кызматы ордо калаада октябрдын башында пилоттук режимде иштей баштаган.   Биринчи этапта 10 машина ишке кирген. Алар Киев/Абдрахманов көчөлөрүнүн… Кененирээк…

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине жаңы ректор дайындалды

Абдилбает Мамасыдыков Б.Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек эл аралык университетинин ректору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жаңы ректор «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка… Кененирээк…

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрүүдө

Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылууда.   «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, жумуштар 3-ноябрга чейин ишемби жана жекшембини кошпогондо Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 3 миң 902-чакырымында аткарылат.   Мындан улам трасса эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин… Кененирээк…

Бишкектеги эки конушта 31-октябрь күнү суу болбойт

Бишкектеги эки конушта 31-октябрь күнү суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, «Мурас Ордо» конушунда эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин, «Калыс Ордодо» күндүзгү саат 3кө чейин суу жок болот.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыргызстанда министрлердин орун басарларынын саны кыскарды

Кыргызстанда министрлердин орун басарларынын саны кыскарды.   Өкмөттөн билдиришкендей, тогуз орун басардын орду жоюлат. Ага ылайык, кыскартуулар Экономика жана коммерция министрлигинде, Каржы, Тышкы иштер министрлигинде, Өзгөчө кырдаалдар, Айыл чарба министрлигинде, Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде, Санариптик өнүгүү министрлигинде жана… Кененирээк…

Улуттук банк тышкы карызды алтындын эсебинен жабуу сунушуна комментарий берди

Улуттук банк депутаттын тышкы карызды алтын-валюта резервинин эсебинен жабуу сунушуна комментарий берди. Белгиленгендей, эл аралык резервдер баалардын туруктуулугун камсыз кылууда жана сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоодо маанилүү роль ойнойт.   Ал эми бул резервдерди туура эмес пайдалануу бир топ терс кесепеттерге алып келет. Тактап айтканда, бул… Кененирээк…

Бишкекте троллейбустар штаттык режимде иштей баштады

Бишкекте троллейбустар штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Эске салсак, бир нече күн катары менен троллейбустардын иши убактылуу токтотулган.   Мындай чара ШКУга мүчө мамлекеттердин кеңешинин кезектеги жыйынына байланыштуу болгон.

Кыргызстанда чакан жана орто бизнеске четтен тартылган инвестиция көбөйдү

Кыргызстандын чакан жана орто ишканаларын өнүктүрүүгө келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестиция көлөмү былтыр 230 млн долларды түздү. Бул ага чейинки жылга салыштырганда дээрлик 32%га көп деп билдиришти Улуттук статистика комитетинен.   Өсүш айыл, токой, балык чарбасы, пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, транспорт… Кененирээк…

Канттык «Абдыш-Ата» футболдук клубу Тажикстандын «Равшан» командасын жеңди

Канттык «Абдыш-Ата» футболдук клубу Тажикстандын «Равшан» командасын жеңди. Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тайпалык этабынын үчүнчү турунун алкагындагы оюн коңшу мамлекеттин Гиссар шаарында өттү.   Анда атаандаштын дарбазасына жалгыз голду Эммануель Ягр киргизди.   Эми “Абдыш-Ата” өз талаасында “Равшан” менен 9-ноябрда беттешет.

Бишкекте дагы бир атайын автобус тилкеси пайда болду

Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндө Ахунбаевден Бөкөнбаевге чейин коомдук транспорт үчүн атайын тилке уюштуруу иштери аяктады. Ага ылайык, тиешелүү жол белгилери орнотулду.   Ошондой эле транспорттун башка бардык түрлөрүнө таңкы саат 7ден түнкү 9га чейин атайын тилкеде жүрүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу маалымат жазылган белгилер илинди.