Чолпон-Атадагы балдардын реабилитациялык борборунун курулушу аяктоо алдында турат

Чолпон-Ата шаарындагы Ибн Сина атындагы балдардын Республикалык реабилитациялык борборунун имаратын куруу иштери жакында аяктап, пайдаланууга берилет.   Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. «Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, аталган реабилитациялык борбор үчүн заман талабына жооп берген жана баардык керектүү… Кененирээк…

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулшу башталды

  Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан жана Өзбекстан— Афганистан — Пакистан темир жолдорун куруу боюнча алдын ала иштер башталды. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2-майда III Ташкент эл аралык инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын пикиринде, бул стратегиялык долбоорлор аймактагы геоэкономикалык кырдаалды толугу менен… Кененирээк…

Сузактагы кырсык. Жабыркаган балдардын саны 35ке жетти

Сузактагы Портердин айдоочусуна Кылмыш-жаза кодексинин «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады. Ага ылайык, 48 жаштагы шектүү Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө. Ал эми жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар… Кененирээк…

Казакстан билим алууну каалаган кыргызстандыктарга 50 квота берди

Казакстан 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандыктарга 50 орун бөлүп берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Коңшу өлкө берген квотанын 25и бакалавриат программасы боюнча болсо, магистратура боюнча 20 орун, үзгүлтүксүз интеграцияланган медициналык билим берүү боюнча 5 орун бөлүнгөн.… Кененирээк…

Жол инспекторлору майрам күндөрү Бишкекке кирген унааларды текшерет

Жол инспекторлору майрам күндөрү Бишкекке кирген унааларды текшерет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кечкисин шаарга кире бериш жайларда атайын күзөттөр орнотулуп, эс алуудан келе жаткан унаалардын баары текшерилет.   Айрыкча мас болуп унаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.   Мындай чара майдагы майрамдарда… Кененирээк…

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, имарат 200 орунга чакталат.   Оңдоо иштерине Дүйнөлүк банк   72 миллион сом бөлгөн. Оорукана 1-майдан тарта 500 орун менен штаттык режимде иштей баштады.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга жүйөлүү себеп болбосо Россияга барбай турууну сунуштады

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга жүйөлүү себеп болбосо Россияга барбай турууну сунуштады.   Ведомство бул Россия бийлигинин “Крокустагы” терактыдан кийин коопсуздук менен көзөмөлдү күчөткөнүнө байланыштуу экенин белгиледи.   Ал эми Россияга барууга зарыл болуп жатса өлкөдөгү чектөөлөрдү текшерип алуу керек. Эске салсак, теракт үстүбүздөгү жылдын 22-мартында болгон.… Кененирээк…

Сузакта манас айтууда жабыркаган окуучулардын абалы канааттандыраарлык

Сузакта манас айтууда жабыркаган окуучулардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, жалпысынан иш-чарада 34 адам жабыркап, Жалал-Абад облусунун ооруканаларына жаткырылган. 5 бала кайра жандандыруу бөлүмүндө, абалдары туруктуу.   Калгандары ар кандай жарааттары менен дарылануу алып жатат,… Кененирээк…

Сузакта балдарды коюп кеткен машиненин айдоочусу кармалды

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда «Манас» айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды коюп кеткен «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу, 48 жаштагы жергиликтүү тургун Ж.Б. кармалды. Бул факты боюнча Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш ишин козгоду.… Кененирээк…

Чүйдө жана Нарында «Манас» айтуу боюнча сынак токтотулду

2-майда Сузак районунда 30дан ашуун окуучу жабыр тарткан каргашалуу окуядан кийин Чүй жана Нарын облустарында пландалган окуучулар арасындагы «Манас» айтуу боюнча сынак токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков бейшембиде Фейсбук баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда айтты. Ал бул долбоордун уюштуруучусу катары кырсыкта жабыркаган… Кененирээк…