Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөөлөр алынды

Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөөлөр алынды.   Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 6-августка чейин пландалган иштер мөөнөтүнөн мурда аяктады.   Эске салсак, Бишкек – Ош жолундагы Кусеин Көлбаев атындагы туннелди оңдоо иштерине байланыштуу унаа кыймылына 10 саатка чейин чектөөлөр киргизилип жаткан. Алдыда… Кененирээк…

Кара-Кулжада мектеп күйүп кетти

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кайың-Талаа айылында жайгашкан мектеп күйүп жатат.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы өрт саат 15:28де курчоого алынганын билдирди. Жабыркагандар тууралуу айтылган жок, кошумча маалымат берилет.

Ленин округу боюнча 16 адам БШКга арыз берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 2-августтагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 16га жетти. БШКнын соңку маалыматына караганда, Ханзада Осмоналиевадан арыз келип түшкөн. Мекеменин расмий сайтында ал өзүн өзү көрсөткөнү жана аскер адамы экени жазылган. Буга чейин… Кененирээк…

Легендарлуу италиялык дарбазачы Джанлуиджи Буффон карьерасын жыйынтыктайт

Легендарлуу италиялык дарбазачы Джанлуиджи Буффон карьерасын жыйынтыктайт. Бул тууралуу голкипер өзү жар салды. Эске салсак, соңку жылдарды  45 жаштагы футболчу италиялык “Парма” клубунда өткөрдү.   Ага чейин ал “Ювентус” жана ПСЖ клубдарында ойногон. Жалпысынан өз карьерасында Буффон  29 сыйлыкты багындырды. Ал Италиянын 10 жолку чемпиону… Кененирээк…

Караколдо жаңы облустук оорукана пайда болот

Караколдо жаңы облустук оорукана пайда болот. Курулушка тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды. Долбоордун сметалык баасы 10,5 миллион сомду түзөт.   Арыздарды кабыл алуу 17-августка чейин созулат. Оорукана 350 орунга чакталат.

Чүй облусунда быйыл 12 мектеп колдонууга берилет

Чүй облусунда быйыл 12 мектеп колдонууга берилет. Бул тууралуу аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Обладминистрациянын маалыматына ылайык, жалпысынан билим берүү мекемелери 3 миң 120 окуучуну камтыйт.   Мектептер облустун ар кайсы райондорунда жайгашкан. Алардын алтоосу өлкөнүн ички каражатына салынса, калгандарынын курулушун эл аралык… Кененирээк…

Нарында жер титиреди

Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.   КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 2-августта саат 12:01де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Ал эми Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.   Такталган… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. 2-3-августта нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.   Жарандарга селди алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү сунушталат. Тагыраагы, үйдүн жанындагы, чарбачылыктардагы арыктарды тазалоо керек.

Бишкекте окуучуларга коомдук транспортто жүрүү үчүн мектеп картасын алуу керек

Бишкекте окуучуларга коомдук транспортто жүрүү үчүн мектеп картасын алуу керек. Мэриядан билдиришкендей, балдарга айына 240 сомдук атайын баа менен карталар жеткиликтүү.   Аны мектеп администрациясы аркылуу каттатып алса болот. Картанын өзү 50 сом турат.   Эске салсак, 20-августтан тарта ордо калаанын автобус, троллейбустарында накталай төлөм… Кененирээк…

Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын тургундары таза суу менен камсыздалат

Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын тургундары таза суу менен камсыздалат. “Кабар” агенттигинин маалыматына ылайык, “Таза суу” долбоору жергиликтүү бийликтин жана кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен ишке ашууда.   Айылда суу чыгаруу үчүн тиешелүү инфраструктура, анын ичинде суу тосуучу мунара, резервуар жана насостор орнотулат.   Андан тышкары, ар… Кененирээк…