Бишкектин четинде “Байтик Ресорт” курорту пайда болот

Бишкектин четинде “Байтик Ресорт” курорту пайда болот. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда көбүнесе иштебей турган “Политех”, “Кашка-Суу” жана “Оруу-Сай” эс алуу жайлары тоо лыжасы жана тоо туризми боюнча жылы бою иштей турган бир кластерге бириктирилет. Кийин бул жерге чейин… Кененирээк…

Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү

Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн  кыска мөөнөттүү жаандан кийин кокту-колоттордон аккан суу Таш-Көмүр шаарынын Токтогул, Зелин көчөлөрүндөгү турак үйлөрдүн короолорун каптады.   Жерине 4 куткаруучу тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Улуттук банк кыргызстандыктардын санарип паспортторун кабыл алып баштайт

Улуттук банк кыргызстандыктардын санарип паспортторун кабыл алып баштайт. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бир катар укуктук ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди.   Ага ылайык, лицензия алуу сыяктуу процедураларда жарандар паспортунун түп нускасын дагы, анын санариптик вариантын дагы көрсөтө алат. Документ электрондук кызматтар мамлекеттик порталынан же “Түндүк” уюлдук… Кененирээк…

Бишкекте 6 миңдей керектөөчү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн

Бишкекте 6 миңдей керектөөчү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, аралыктан өчүрүүлөр эртең, 29-августта башталат.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерге бересесин эртелеп төлөө сунушталат. Төлөмдөр терминалдар, электрондук капчыктар жана “Кыргыз почтасынын” кассаларында кабыл алынууда.

Кыргызстанда салыктык текшерүүлөрдүн мораторийи жоюлду

Кыргызстанда салыктык текшерүүлөрдүн мораторийи жоюлду. Салык органдарынын текшерүүлөрү убактылуу мораторий киргизилген текшерүүлөр тизмесинен чыгарылды.   Тиешелүү токтом өкмөттө кабыл алынды. Ага ылайык, салык органдарына бизнести текшерүүгө тоскоолдук болгон талап жоюлду. Белгилеп кетсек, мамлекеттик бюджеттин негизги бөлүгүн салыктан түшкөн каражат түзөт. Кыргызстанда бюджеттин негизги бөлүгүн салыктан… Кененирээк…

Өлкөдө 1-сентябрга карата 42 мектеп жана 4 спортзал ачылат

Өлкөдө 1-сентябрга карата 42 мектеп жана 4 спортзал ачылат.   Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.   Анын айтымында, жалпысынан 46 социалдык объекттин курулушу аягына чыгып калды. Билим күнүнө карата ачылышы пландалган мектептерде бардык заманбап талаптарга жооп берген ашкана, спорт… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу. Чек ара кызматынан билдиришкендей, жүк ташуучу унаалардын топтолуусу “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө гана катталууда.   Жеринде учурда 140тай машине кезекте турат.   “Кең-Булуң”, “Чалдыбар” жана “Чоң-Капка” пункттарында тыгын жок. Эске салсак, кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги 20-августтан тарта… Кененирээк…

Бишкек мэриясы коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүүнү пландап жатат

Бишкек мэриясы коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов билдирди.   Анын айтымында, биринчи этапта атайын тилкелер Түштүк Магистраль жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө пайда болот.   Экинчи этапта Чүй, Жибек Жолу проспектилери камтылат. Жаңычылдык сентябрдан тарта киргизилет.… Кененирээк…

Эртең Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү жабылат

Эртең, 29-августта Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү жабылат.   Калаанын Ленин көчөсү Ош-Бишкек унаа жолунун айланма жолунан тартып, Барпы-Сейил көчөсүнө чейинки бөлүгү таңкы саат 7ден түшкү 12ге чейин толугу менен чектелет. Мунун себеби “Барселона” футбол клубунун академиясынын ачылышына карата өтө турган иш-чарага байланыштуу.   Жол кыймылынын… Кененирээк…

Камерундун тургуну бир убакта тогуз бала төрөдү

Камерундун тургуну Антония Маду Обианужу бир убакта тогуз бала төрөдү.   45 жаштагы аял ЭКО ыкмасы менен кош бойлуу болгон. Антония алты кыз жана үч уулду жарык дүйнөгө алып келди.   Эл аралык басылмалар жазгандай, Маду бир эле учурда тогуз баланы төрөгөн дүйнөдөгү экинчи аял… Кененирээк…