Ордо калаадагы инфекциялык оорукана оңдоо иштерине жабылды

Ордо калаадагы инфекциялык оорукана оңдоо иштерине жабылды.   Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 3 кабаттуу корпусту калыбына келтирүү Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам таасир берүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.   Ремонт учурунда курч респиратордук инфекциялары менен балдар Улуттук эне-баланы коргоо борборуна жана Шаардык балдар клиникалык ооруканасына… Кененирээк…

Бишкек — Балыкчы — Каракол багыты боюнча темир жол куруп, тез жүрүүчү поезддерди жүргүзүү пландалууда

Бишкек — Балыкчы — Каракол багыты боюнча темир жол куруп, тез жүрүүчү поезддерди жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Ырысбек Бариев парламентте билдирди.   Анын айтымында,учурда долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо иштери жүрүүдө. Аны ишке ашырууга болжол менен 4,5 миллиард доллар… Кененирээк…

Парижде аукциондо Майкл Джексондун шляпасы сатылды

Парижде аукциондо Майкл Джексондун шляпасы сатылды. Кеп легендарлуу артисттин “лунная походкасын” аткарган учурда кийген баш кийими тууралуу болуп жатат.   Billie Jean ырынан кийин Джексон шляпасын сахнанын ары жагына ыргытып, айтылуу басышын аткарган. Аксессуар 77 миң 500 еврого сатылды.

Голливуддун сценаристтери 5 айдан берки акциясын токтотушту

Голливуддун сценаристтери 5 айдан берки акциясын токтотушту. Жаңы үч жылдык келишимде сценаристтердин айлык акысын жогорулатуу, иштөө шарттарын жакшыртуу, стриминг кызматтары менен иштөөнү жана жасалма интеллектти колдонууну жөнгө салуу камтылган.   Эми сценаристтер 27-сентябрдан жумушка чыгышы керек.   Эске салсак, Голливуд сценаристтери быйыл майда, ири киностудиялар… Кененирээк…

Кара-Суу районундагы Жапалак айылында бала бакчанын курулушу аяктады

Кара-Суу районундагы Жапалак айылында бала бакчанын курулушу аяктады.   Бул тууралуу Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин башчысы Мырзабек Жыпаркулов билдирди.   Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 75 бөбөккө чакталат. Анда бардык зарыл шарттар түзүлүп, эмеректер жана жабдуулар орнотулду. Бала бакчада ошондой эле музыкалык… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, “Торугарт унаа жолу” жана “Эркечтам унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү 29-сентябрда жана 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабык болот.   Убактылуу чектөөлөр Кытайдагы майрамдарга байланыштуу киргизилет. Аталган чек ара пункттары аркылуу транспорт каражаттарын жана жүк өткөрүү 4-октябрда жанданат.

Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөй турган мамлекеттик органды аныктоо сунушталууда

Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөй турган мамлекеттик органды аныктоо сунушталууда. “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланып, экинчи окууда кабыл алынды.   Документке ылайык, ыйгарым укуктуу органды Министрлер кабинети аныктайт. Ошондой эле кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу дагы каралат.   Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда,… Кененирээк…

Баткенге берилүүчү субсидиялардын көлөмүн 1,5 млрд сомго көтөрүү сунушталууда

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген долбоор экинчи окууда каралып, кабыл алынды.   Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Чынгыз Ажибаев, Жалолидин Нурбаев, Ырысбек Атажанов, Нурлан Ражабалиев, Искендер Матраимов, Миргүл Темирбаева, Камила Талиева, Медербек Алиев, Алишер Козуев жана Султанбай Айжигитов… Кененирээк…

Садыр Жапаров Берлинде өтчү «ФРГ — Борбор Азия» саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган «ФРГ — Борбор Азия» саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Анын айтымында, Жапаров федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүрдү байытуучу эки завод курулат

Кыргызстанда көмүрдү байытуучу эки завод курулат. Бул тууралуу  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бөлүм башчысы Нурлан Шаршеев билдирди.   Анын айтымында, заводдун бири Кара-Кече кенинин жанына курулса, экинчиси түштүк аймакта болот. Байытылган көмүрдүн табы жакшы болот. “Д” классындагы импорттолгон 1 миң тонна көмүрдөн 8,8… Кененирээк…