Нарында муниципалдык наабайкана ачылды

Нарында муниципалдык наабайкана ачылды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул жерде күнүнө табигый ыкма менен ачытылган 300-400 бөлкө нан жасалууда.   Кайрымдуулук фонду тарабынан курулган цехте күнүнө 2 миң нан чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.   Нан жергиликтүү дүкөндөргө 23 сомдон жеткирилип, 25 сомдон сатылууда. Мындан сырткары, бала… Кененирээк…

Дем алыш күндөрү Бишкек – Ысык-Көл жолунда коопсуздук күчөтүлөт

Дем алыш күндөрү Бишкек – Ысык-Көл жолунда коопсуздук күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, ылдамдыкты ашыра айдап, каршы тилкеге чыккандарга жана мас абалында унаа башкаргандарга катуу чаралар көрүлөт.

Ырчы Рианна кыздуу болду

Ырчы Рианна кыздуу болду. Баланын атасы рэпер A$AP Роки. Музыканттар экинчи жолу ата-эне болушту.   Жубайларга жакын булактардын айтымында, эне менен баланын абалы жакшы жана алар учурда Лос-Анджелестеги үйүнө чыгып келишти.

«Барселона» клубунун ардагер оюнчулары Кыргызстанга келет

Жалал-Абадда «Барселонанын» футбол академиясы ачылат. Кыргыз футбол бирлигинин маалыматына караганда, иш-чара 29-августта болот.   Аталган клубдун 29-академиясынын расмий ачылышынын алкагында Кыргызстанга «Барселонанын» легендарлуу оюнчулары келет деп күтүлүүдө. Алардын арасында Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Хавьер Савиола, Жулиано Белетти, Людовик Жюли жана башкалар бар.   Ошондой эле алар… Кененирээк…

Кытайдан келе турган жаңы автобустар 15-сентябрга чейин каттамга чыгат

Кытайдан келе турган жаңы автобустар 15-сентябрга чейин каттамга чыгат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, газ кыймылдаткычтуу 50 автобус жолдо келе жатат.   Макулдашылган графиктин негизинде, жыл аягына чейин Бишкекке дагы 450 жүргүнчү ташыган автобус келет. Калган 500ү келерки жылдын биринчи кварталында жеткирилет.

Кыргызстанда желим баштыктарды сатуу жана өндүрүү үчүн айып пул салынат

Кыргызстанда желим баштыктарды сатуу жана өндүрүү үчүн айып пул салынат. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   2027-жылы күчүнө кире турган административдик жазанын өлчөмү 1 миң сомдон 28 миң сомго чейин жетет.   Ал эми Ысык-Көл облусунда баштык жана желим буюмдарды саткандарга өзүнчө жаза каралган.… Кененирээк…

Ɵтмөк ашуусунда трассаны оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Ɵтмөк ашуусунда трассаны оңдоо иштери уланууда.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жумуштар жолдун ар кайсы тилкелеринде аткарылып жатат.   Жалпысынан беш чакырымга асфальт төшөө пландалууда. Учурда эки чакырымдан ашык жерге асфальт төшөлдү.

«Мой свет» мобилдик тиркемеси жаңы билдирүүлөр менен толукталды

«Мой свет» мобилдик тиркемеси жаңы билдирүүлөр менен толукталды.   «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ишканасынан билдиришкендей, эми электр энергиясын төлөбөгөндүгү үчүн өчүрүүлөр, аткарылып жаткан иштердин дареги, күнү жана убактысын көрсөтүү менен пландуу өчүрүүлөр, электр энергиясы үчүн онлайн эсеп-квитанция, жарык үчүн карыз же ашыкча төлөм тууралуу аталган… Кененирээк…

ӨКМ сел жүрүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.   12-14-август күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.   Жарандарга сак болуу сунушталат.

Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштады

Бишкекте троллейбус айдоочулары кайрадан нааразылык акциясын уюштурду. Алар айлыкты 70 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылып, иш ташташты.   Эске салсак, маянаны жогорулатуу талабын биринчи жолу троллейбустун айдоочулары бир күн мурун коюшкан.   Өз кезегинде «Бишкек троллейбус башкармалыгы» ишканасынын башчысы Талантбек Капаров айлык акы сентябрдан… Кененирээк…