Жаңы жылыңыздар менен

Сүйүктүү окурман!   Novosti.kg сайтынын редакциясы Сизди Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!   Жаңы жыл бир гана жакшы, жагымдуу, керектүү, позитивдүү жаңылыктарга бай болсун. Кыргызстандын асманы ачык болуп, өлкөдө токчулук, молчулук жана тынчтык орносун.   2024-жылы өлкө үчүн биримдиктин, ынтымактын, өнүгүүнүн жылы болсун. Ар бир жаран… Кененирээк…

Бишкекте кампалардын биринен өрт чыкты

31-декабрда эртең менен Бишкек шаарындагы кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт саат 9:36да чектөөгө алынган, жабыркагандар жок.   Маалыматка караганда Свердлов районунун Хивинская көчөсүндө жайгашкан кампада үйдүн эшиктери сакталып турган. Өрттүн себептери, чыгымы такталууда. Быйыл 11 айда Кыргызстанда… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн коомдук транспорт Ала-Тоо аянтынан 12 багытта жүрөт

Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт Ала-Тоо аянтынан 12 багытта жүрөт.   Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 1-январга караган түнү автобус-троллейбустар түнкү саат бир жарымга чейин Ала-Тоо аянтынан Рухий-Мурас, Көк-Жар, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Босого, Ала-Тоо, Бакай-Ата, Эне-Сай конуштарына, Аламүдүн-1, 12-кичи райондорго, Чоң-Арык айылына жана Совмин шаарчасына  каттайт.

Бишкектеги Ала-Тоо аянты бүгүн унаа кыймылына жабылат

Бишкектеги Ала-Тоо аянты бүгүн унаа кыймылына жабылат.   Мындай чара жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу кабыл алынды. Мэриядан билдиришкендей, аянт бүгүн күндүзгү саат 3төн таңга чейин жабык болот.   Унаа кыймылы Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин токтотулат.

Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары дагы кеңейет

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Аймактык реформаны Ысык-Көл облусунда дагы жүргүзүү пландалууда. Тагыраагы, Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары кеңейтилет. Жарлыкка ылайык, аталган шаарларга төмөнкү айыл аймактары… Кененирээк…

Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп таанылды

Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп таанылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Документте ошондой эле ак илбирсти коргоо максатында бир катар чаралар камтылган.   Белгилеп кетсек, ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн  12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп… Кененирээк…

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.   Маалыматка ылайык, башкармалыктын башчысы Азамат Исраилов жер-жерлердеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнө онлайн кеңешме өткөрүп, майрам күндөрү жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө багытында төмөнкү тапшырмаларды койду.… Кененирээк…

Бишкек гарнизонунун 2 миң 500дөн ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү

Бишкек гарнизонунун 2 миң 500дөн ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү. Бул тууралуу ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Тартип сакчылар мындай режимде 2-январга чейин иштейт. Жаңы жылдык майрам күндөрү оюн-зоок мекемелери менен киши көп топтолгон жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Коомдук тартипти сактоого… Кененирээк…

Ош шаары кеңейет

Ош шаарынын аймагы кеңейет.   Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.   Ага ылайык, Алымбек Датка, Жаңы-Маала, Жим, Жийделик, Төлөйкөн жана Кызыл-Кыштак тилкелери эми Ош шаарына тиешелүү болот. 1-апрелге чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн… Кененирээк…

«Ала-Тоо» аянтындагы Ардак кароол тургай жай реконструкцияланып бүттү

«Ала-Тоо» аянтындагы Ардак кароол турган жайды реконструкциялоо иштери соңуна чыкканын мэрия билдирди.   Маалыматта кабинага инфракызыл жылыткыч орнотулуп, пол жылууланганы, килемдер алмаштырылып, башка айнек коюлганы айтылат. Мындан тышкары, тосмолор сырдалып, элементтер алмашкан. Кабинанын өзүнө өлкө гербинин сүрөтү түшүрүлдү. Аталган жай демөөрчүлөрдүн эсебинен 1 млн 345… Кененирээк…