Кыргызстанда быйыл 100 өнөр-жай жана 100 социалдык объект ачылат

Кыргызстанда быйыл 100 өнөр-жай жана 100 социалдык объект ачылат.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, Чүй облусунда цемент заводу, унаа чогултуучу кыргыз-өзбек заводу, карапа такча чыгаруучу, тамеки продукциясын чыгаруучу заводдор жана башка ишканалардын ачылышы пландалууда.   Премьер белгилегендей, объектилер Кара-Кыргыз… Кененирээк…

Бишкекте катуу шамалга байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал 3 күн күчүндө болот

Бишкекте катуу шамалга байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал 3 күн күчүндө болот.   Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди. Анын айтымында, учурда жер-жерлерде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.   Ошондой эле калыбына келтирүү жана санитардык тазалоо иштери жүрүүдө. Эске салсак, кечээ Бишкек жана Чүй облусунда катуу… Кененирээк…

1-апрелден тарта GoBus тиркемесинде өлкө ичиндеги жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди сатып алса болот

1-апрелден тарта GoBus тиркемесинде өлкө ичиндеги жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди сатып алса болот. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.   Бишкек-2-Кайыңды жана Бишкек-1-Токмок жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди «Гоубас» мобилдик тиркемесинен алуу жеткиликтүү болот. Билеттерди Бишкек-2 бекетинин кассасынан поезд жөнөгөнгө чейин жана поезддин ичинде… Кененирээк…

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолукту

Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту. Алар чек ара маселелерин талкуулаганын жергиликтүү бийликтен «Азаттыкка» ырасташты. Азырынча өкмөт жолугушуу жөнүндө кенен маалымат бере элек.   Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана… Кененирээк…

Бишкекте катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоочу эко-технологиялык заводдун курулушу башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган эко-технологиялык заводдун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер кабинетинин башчысы акыркы жылдары борбордо экология маселеси курч болуп жатканын белгиледи. Эки… Кененирээк…

Чүй жана Таласта кескин күн сууктап, үшүк жүрүшү ыктымал

Кыргызстандын эки облусунда 31-мартта жана 1-апрелде кескин күн сууктап, түнкүсүн жана күндүз үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.   Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын табы -1…-3 градус, Чүйдө 1-апрелде 0…-2 градуска чейин суук болушу ыктымал. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 1-апрелге чейин кар массалары Бишкек – Ош, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр, Кызыл-Бел – Акташ жана Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча иштин күчөтүлгөн тартибине өттү

Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча иштин күчөтүлгөн тартибине өттү.   Ведомство маалыматына ылайык, салык органдары 1-апрелге чейин эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин иштейт.   Эске салсак, юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда бул жылы 3 жаңы подстанция курулат

Жалал-Абад облусунда бул жылы 3 жаңы подстанция курулат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, эки объект Аксы районунун Дейрес жана Жерге-Тал айылдарында салынып, 35 жана 110 киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт.   Үчүнчү подстанция Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айылында пайда болот. Андан тышкары, “Төрөбаев” көмөк чордонунда кубаттуулук жогорулатылат. Бул… Кененирээк…

Нигерияда блогер товарга терс сын-пикир жазганы үчүн түрмөгө кесилиши мүмкүн

Нигерияда 18 миң катталуучусу бар блогер товарга терс сын-пикир жазганы үчүн түрмөгө кесилиши мүмкүн. Ал өзүнүн постторунун биринде томат пюресинин сүрөтүн бөлүшүп, аны “кант эле даамданат” деп баалаган.   Өндүрүүчү блогерди продукт өтө таттуу экенин айтып, бизнеске зыян келтирди деген негизде сотко берди.   Айыпкер… Кененирээк…