Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу бир тараптуу ачылды

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Аталган авто жолдун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, трасса убактылуу жабылган. Учурда окуя болгон жерде “Кыргызавтожол” ишканасынын Жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана төрт техника иштеп жатат.   Көлөмү… Кененирээк…

Жакартада мамлекеттик кызматкерлердин жарымына жакыны үйдөн иштей баштады

Индонезиянын борбору Жакартада мамлекеттик кызматкерлердин жарымына жакыны үйдөн иштей баштады. Буга бийлик тарабынан жол тыгындарын кыскартуу жана абанын булганышын азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар себеп болууда.   Белгиленгендей, октябрдын аягына чейин аралыктан иштегендердин саны 75 пайызга жетет. Бул ооруканалардын, куткаруу жана өрткө каршы кызматтардын, ошондой… Кененирээк…

ЖКККББда жумушка кирүү үчүн сынак уланып жатат

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жумушка кирүү үчүн сынак уланып жатат.   Ага ылайык, 19дан 30 жашка чейин, жалпы орто билимдүү, В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктүн ээси болуу керек.   Толук маалымат үчүн (0312) 63 12 75 номерине байланышса болот.

Адамды жүзүнөн тааный турган камераларга 40 миллион сом жумшалат

Бишкек мэриясы адамды жүзүнөн тааный турган камераларга 40 миллион сом жумшайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, унаалардын номурун да таануучу видео көзөмөл шаардын бардык райондорунда орнотулат.   Мындай кадам коопсуздук үчүн жасалып жатканы белгиленди. Анткен менен айрым активисттер маалыматтык коопсуздукка байланыштуу жүзүнөн таануучу камералардын коюлушуна каршы болуп келишет.

Жети-Өгүздө 100 балага чакталган жаңы бала бакча ачылды

Жети-Өгүздө 100 балага чакталган жаңы бала бакча ачылды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында жайгашкан.   Заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат. Мында 19 адам жумуш менен камсыз болот.   10 миңге жакын жашоочусу бар… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир сквер курулууда

Бишкектин Свердлов районунун жашоочулары үчүн дагы бир сквер курулууда. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүндөгү сквердин Чүй проспектисинен темир жолго чейинки аралыгын жакшыртуу долбоору башталды.   Белгиленгендей, эми түстүү өсүмдүктөр, гүлдөр жана бак-дарактар мол болуп, айланадагы абанын сапаты жакшырат. Сквер заманбап отургучтар, таштанды челектери, жөө… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун алыскы айылына ички жол салынууда

Жалал-Абад облусунун алыскы айылына ички жол салынууда.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кеп Базар-Коргон районунун Бешикжон калктуу конушу тууралуу болуп жатат. Оңдоо иштерин 10 күндүн ичинде бүтүрүү пландалууда.   Мекеме мамлекеттик трассалар менен эле чектелбестен, кичи шаарлар менен айылдардагы ички жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө… Кененирээк…

Ош, Жалал-Абад, Баткенге таксисттер мындан ары Батыш автобекети аркылуу каттайт

Ош, Жалал-Абад, Баткен жана башка аймактарга каттаган таксисттер мындан ары Бишкектеги Ош базарынын айланасында турбайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, алар эми аймактарга Батыш автобекети аркылуу каттайт.   Башкармалык белгилегендей, таксисттерге эч кандай көзөмөл болбой, тыныгуусуз, күнүнө эки рейс жасап, унаалардын абалына көз салбай… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын узун кезеги уланууда

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын узун кезеги уланууда. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата “Ак-Тилек” бекетинде 500гө чукул, Кең-Булуң постунда 150гө жакын оор жүк ташыган машине топтолду.   Бир сутка ичинде Казакстанга 112 гана унаа өткөн.   Эске салсак, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 20-августтан тарта… Кененирээк…

Индияда аял үч эркекке турмушка чыгып, аларды тоноп качып кеткен

Индияда аял үч эркекке турмушка чыгып, аларды тоноп качып кеткен.   Күйөөлөрүнүн бири ага июнь айында үйлөнгөн. Көп өтпөй аял туугандарына барышы керектигин айтып, үйдөн алтын менен акчаларды алып кеткен.   Эркек кайра кайрылып келүүнү суранганда, ал ар кандай шылтоолор менен акча жөнөтүүгө көндүрүүгө аракет… Кененирээк…