Пара Азия оюндарына 29 кыргызстандык катышат
Пара Азия оюндарына 29 кыргызстандык катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, алар спорттун алты түрү: жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо боюнча күч сынашат. Эске салсак, Пара Азия оюндары 20-30-октябрь аралыгында Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт.