Эки округдагы депутаттык шайлоо 30-июнга дайындалды

Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнга белгиленди. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, министрлер кабинетине Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону өткөрүүгө зарыл каражатты бөлүү тапшырмасы берилди.   Эске салсак, №5 Ноокат шайлоо округунан депутат болгон… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолуна түшкөн таштар тазаланды

Бишкек – Ош унаа жолунун 441-чакырымына түшкөн таштар тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.   Эске салсак, бүгүн күндүзгү саат 1:30дар чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун аталган тилскесине таш кулап, каттам убактылуу жабылган.

Кыргызстанда эл аралык жана ички каттамдарга билеттер онлайн сатыла баштады

Кыргызстанда эл аралык жана ички каттамдарга билеттер онлайн сатыла баштады. Бул үчүн «Кыргыз автобекети» ишканасы тарабынан Beket.kg сайты иштелип чыккан.   Жүргүнчүлөр автобустарга билет сатып алуу үчүн каттамды, күндү жана кишинин санын белгилеши керек.   Төлөм жүргүзүлгөн соң электрондук билет почтага жиберилет.

Май майрамдарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Май майрамдарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 1-майдан 10-майга чейин алар жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздайт.   Ага ылайык, мекеменин борбордук аппаратында саптык кароо өтүп, кызматкерлердин кийген формасынан тарта, кызмат учурундагы колдонулуучу каражаттары жана өздүк курамдын кызматка… Кененирээк…

Кыргызстандыктар эми батирди онлайн режиминде каттай алышат

Кыргызстанда батирди онлайн кайра каттоо боюнча жаңы сервис ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.   Ведомстводон белгилешкендей, бул “Түндүк” мамлекеттик мекемеси менен Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин биргелешкен пилоттук долбоору.   Мындан ары сатып алуу келишими боюнча мүлктү кайра… Кененирээк…

Бишкекте беш курулуш компаниянын объектилеринде иш токтотулду

Бишкектеги курулуш компаниялары 29-апрелге чейин өз объекттерине атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жууган пункттарды орнотууга милдеттендирилген. Мэриядан билдиришкендей, буйрукту аткарбагындыгы үчүн беш компаниянын объектилеринде курулуш иши токтотулду.   Рейддик иш-чаралар улантылат. Буга чейин ордо калаадагы курулуш компанияларына 60тан ашык жазма буйрук берилген, — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт. «Бишкекгаз» кызматынын маалыматына караганда, 6-майдан 8-майга чейин чоң Чүй каналы, Курманалиев, Лермонтов көчөлөрү, Чүй проспекти, Осмонкул, Жибек Жолу, Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта көгүлтүр от убактылуу өчүрүлөт.   Мындай чектөөнүн себеби ремонт иштерине байланыштуу.

Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда жеринде атайын техникалар тынымсыз иш алып барып жатат.   Ведомстводон белгилешкендей, айдоочулар алыс жолго чыгардын алдында аба ырайынын шартын эске алуу менен керектүү… Кененирээк…

Лейлекте 150 орундуу мектеп ачылат

Лейлекте 150 орундуу мектеп ачылат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, объект Баткендин Сары-Дөбө айылында курулууда.   Эки кабаттуу имарат республикалык бюджеттин жана Мамлекеттик казына облигацияларынын эсебинен каржыланган.