Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат

Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат. Мэриядан билдиришкендей, мунун себеби Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу.   Маалыматка ылайык, 31-августта аянттын аймагындагы унаа кыймылы кечки саат 5тен түнкү 12ге чейин чектелет. Тагыраагы, Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат, — деп белгилешти муниципалитеттен.

Кыргыз-казак чек арасындагы унаалардын тыгыны жоюла элек

Кыргыз-казак чек арасындагы унаалардын тыгыны жоюла элек. Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, автоунаалардын узун кезеги былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда эки эсе көп болууда.   Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» бекетинде 353, «Чалдыбарда» 88, «Кең-Булуңда» 38, ал эми «Чоң-Капкада» 82 оор жүк ташыган машине турат.   Ал… Кененирээк…

Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун бир тилкеси убактылуу жабылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал – Казарман тилкесине таш кулап, трасса убактылуу жабылды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, таштын көлөмү 5 миң м3 түзөт.   Белгиленгендей, эч кандай кырсык катталган жок. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте уюштурула турган иш-чаралар белгилүү болду

Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте уюштурула турган иш-чаралар белгилүү болду. Мэриядан билдиришкендей, 31-август күнү күндүз шаардын бардык райондорунда түрдүү сынактар, спорттук оюндар, көргөзмө-жарманкелер өткөрүлөт.   Ал эми кечки саат 7де борбордук Ала-Тоо аянтында жергиликтүү өнөрпоздордун катышуусунда концерт уюштурулат.   Ошондой эле, Эгемендүүлүк күнүнө карата билим берүү… Кененирээк…

Индия экономикасы боюнча дүйнөдө экинчи мамлекетке айланышы мүмкүн

Жарым кылымдан кийин Индия экономикасы боюнча дүйнөдө экинчи мамлекет болот.   2075-жылга чейин Индиянын экономикасы Япония менен Германияны гана эмес, АКШны да басып өтөт. Мындай божомолду дүйнөдөгү эң ири инвестициялык банктардын бири Го́лдман Сакстын аналитиктери жасады.   Бүгүнкү күндө Индия ИДПнын көлөмү боюнча бешинчи орунда… Кененирээк…

Өзбекстанга 1-сентябрдан тарта ID-карт менен кирсе болот

1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар Өзбекстанга, ал эми өзбекстандыктар Кыргызстанга ID-карт менен кире алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл май айында жактырган.   Өзбекстан кыргыз жарандары ID паспорт менен кире алган үчүнчү өлкө болуп калды. Учурда кыргызстандыктар Казакстан менен… Кененирээк…

Мамлекеттик адвокаттардын акысы эки эсе көтөрүлөт

1-октябрдан тарта мамлекеттик адвокаттардын акысы эки эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.   Маселен, мурда адвокаттын кызмат акысын төлөөнүн тарифи – шектүү кармалгандан тартып соттук териштирүүгө чейин – 15 миң сомдун тегерегинде болчу. Жаңы токтомго ылайык, адвокаттар 30-35 миң сомдон ала баштайт.   Мындай… Кененирээк…

Казакстан жүк ташуучу унааларды өткөрүүнү көбөйткөнү кабарланды

Казак тарап Кыргызстандан жүк ташуучу унааларды өткөрүүнү көбөйткөнү кабарланды. Буга чейин саатына 2-3төн машине өткөрүлүп жатса, учурда алардын саны 8-9га жетти, — дешти Евразия экономикалык комиссиясы.   Эске салсак, кечээ ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында Евразиялык экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү кыргыз-казак мамлекеттик… Кененирээк…

Кыргызстанда эң көп коюлган ысымдар аталды

Кыргызстанда эң көп коюлган ысымдар аталды.   Санариптик өнүктүрүү министрлиги жыл башынан бери төрөлгөн ымыркайлардын саны жана популярдуу аттар тууралуу айтып берди.   Маалыматка ылайык, 1-августка карата Кыргызстанда 83 миң 804 бала төрөлгөн.   Ал эми өткөн 8 айда кыздар арасында Салиха – 2 миң… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Дубайда окуу-машыгуу өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Дубайда окуу-машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.   Иш-чара 29-августтан 13-сентябрга чейин болот. Анын алкагында «Ак шумкарлар» эки жолдоштук беттеш өткөрөт.   7-сентябрда “Аль-Наср” командасы менен, 11-сентябрда Кувейт улуттук курама командасы менен оюн уюштурулат.   Командага 26 оюнчу… Кененирээк…