Ноокат районунун Кашкалдак айылында жаңы бала бакча пайда болду

Ноокат районунун Кашкалдак айылында жаңы бала бакча пайда болду. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 120 бөбөккө чакталат.   Бакчада гимнастикалык зал, уктоочу бөлмө, ашкана, музыкалык зал, медициналык пункт бар.

Экономика министрлиги физикалык жактарга ОСАГОну милдеттүү киргизүү мөөнөтүн жылдырууну сунуштады

Экономика министрлиги физикалык жактарга ОСАГОну милдеттүү киргизүү мөөнөтүн жылдырууну сунуштады. Ведомстводон эскертишкендей, катардагы унаа ээлери үчүн 2024-жылдын 1-январынан тарта полис алуу милдеттүү болмок.   Бирок бул мөөнөткө чейин патент менен иштеген ишкерлер башка салыктык режимге өтүшү керек.   Муну менен ОСАГО киргизүү жана патент системасын… Кененирээк…

Нарын облусунда туристтик жол белгилери орнотулду

Нарын облусунда туристтик жол белгилери орнотулду.   Туризмди колдоо фондунан билдиришкенлей, белгилер Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда пайда болуп, Таш-Рабат комплексине, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Көл-Суу көлдөрүнө, Кажырты шаркыратмасына, Эки-Нарын капчыгайына жана башка популярдуу туристтик жерлерге аралыкты көрсөтүп турат.   Жалпысынан аймакта 16 белги орнотулду. Кийин алар өлкөнүн… Кененирээк…

Кыргызстандан тышка сатылган товарлардын көлөмү көбөйдү

Кыргызстандан тышка сатылган товарлардын көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.   Экспорт быйылкы жылдын тогуз айында былтыркы жылдын ушул мезгилге салыштырмалуу 49,6 пайызга жогорулаган. Евразиялык өнүктүрүү банкы бул металлдардын сатылышынан улам болгонун түшүндүрдү.   Импорт Кытай, Япония, Корея, Германия жана АКШдан келип жаткан автоунаа… Кененирээк…

Юстиция министрлиги электрондук билериктерди сынап баштады

Юстиция министрлиги электрондук билериктерди сынап баштады. Адамдын жүргөн жерин аныктай турган шайманды кылмыш кодексинде колдонуу сунушталууда.   Буга чейин министрлер кабинети мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна чыгарган. Ал кабыл алынса, электрондук билериктер практикада колдонулуп баштайт.   Ведомстводон белгилешкендей, аталган шаймандар үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүдө… Кененирээк…

Бишкектин кийинки жылга бюджети 21,5 миллиард сомдон ашат

Бишкектин кийинки жылга бюджети 21,5 миллиард сомдон ашат.   Тиешелүү мыйзам долбоору шаардык кеңештин сайтында жарыяланды. Бул сумманын 9 миллиарды шаардык бюджет болсо, калганы райондордун каражаты.   Чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө түшкөн кирешенин алкагында бөлүштүрүлөт. Айлык, социалдык фондко төлөмдөр, медициналык препараттар, азык-түлүк, пособие жана стипендия… Кененирээк…

Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам жиберет

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жер титирөөдөн жабыркаган Афганистанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, жакынкы күндөрү Афганистанга 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, беш тонна өсүмдүк майы, 500 керебет, 1000 жууркан-төшөк жөнөтүлөт. Андан тышкары Эл аралык жарандык коргонуу уюму бөлгөн 1 миллион… Кененирээк…

Сауд Арабияда Криштиану Роналдуга арналып музей ачылды

Сауд Арабияда Криштиану Роналдуга арналып музей ачылды.   Анда чабуулчу ээлеген трофейлер, сыйлыктар жана медалдар тартууланган. Ошондой эле күйөрмандар спортчунун жеке буюмдары менен жакындан тааныша алат.   Эксперттердин пикиринде, аталган өлкөдө Роналдунун популярдуулугу улам өсүүдө жана ал бул жердеги карьерасын дагы 2 жыл уланта алат.… Кененирээк…

Кыргызстанда санарип көчмөн макамы эми 12 мамлекеттин жарандарына жеткиликтүү

Кыргызстанда санарип көчмөн макамы эми 12 мамлекеттин жарандарына жеткиликтүү.   Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Буга чейин арызды Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россия өкүлдөрү бере алса, эми тизмеде АКШ, Улуу Британия, Германия, Япония, Түштүк Корея жана Индия дагы бар.   Эске салсак, “санарип… Кененирээк…

Кыргызстанда сүт өндүрүү көрсөткүчү өсүүдө

Кыргызстанда сүт өндүрүү көрсөткүчү өсүүдө. Жыл башынан берки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Жалпысынан 9 айда өлкөдө 1 милли он 540 миң тонна сүт өндүрүлдү.   Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу, бул 37 миң тоннага көп. Лидерлик Чүй облусуна таандык, өрөөнгө 390 миң… Кененирээк…