Ош милициясынын алдыдагы майрамдарга карата даярдыгы текшерилди

Ош облустук ички иштер башкармалыгында жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, анда милиция кызматкерлеринин 31-август — Эгемендүүлүк жана 1-сентябрь — Билим күнүнө карата облус аймагында өткөрүлүүчү салтанаттуу иш-чаралар учурунда өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгы текшерилди.… Кененирээк…

Райондук маданият үйлөрүнө заманбап музыкалык жабдуулар сатылып алынат

Бюджеттен бөлүнгөн каражатка Кыргызстандагы 40 райондук маданият үйүнө заманбап музыкалык жабдуулар алынат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   «Мындай кадам аймактагы маданият үйлөрүнүн ишин жакшыртууга, жандуу үн менен ырдоого жана жогорку деңгээлдеги сапаттуу иш- чараларды өткөрүүгө өбөлгө түзөт», — деп… Кененирээк…