Ошто Садыр Жапаровдун катышуусунда Эгемендүүлүккө арналган бир катар иш-чаралар өтөт

Ош шаарында жана Ош облусунда өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө арналган бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт. Аларга президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.   Анын билдирүүсүнө караганда, мамлекет башчысынын катышуусунда мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземи, Кыргыз Республикасынын Баатыры Насирдин Исановдун 80… Кененирээк…

Бишкектин четинде жаңы стадион курулат

Бишкектин четинде жаңы стадион курулат. Объекттин курулушуна капсуланы президент Садыр Жапаров салды. Стадион Орок айылында жайгашып, 35 миң көрүүчүнү батыра алат.   Ошондой эле анда жабык VIP-бөлмөлөр, журналисттер үчүн атайын жайлар болот. Стадиондун жанында чоң парковка аймагы, өткөрүү пункттары, эки кабаттуу трибуна дагы каралган.

Ошто Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишин калыбына келтирүү жыйынтыкталды

Ошто Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишин калыбына келтирүү жыйынтыкталды. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, жеринде асфальттын жаңы катмар төшөлүп, жол толугу менен транспорт кыймылына ачылды.   Андан тышкары, тилкеде жол үстүнөн өтүүчү жөө жүрүүчүлөр өтмөгү пайда болду.

Бишкекте №5, 14 троллейбустардын каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкекте №5 жана №14 троллейбустардын каттамы убактылуу өзгөрөт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, каттамдар Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 30-август саат 22:00дөн 31-август саат 10:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жабылышына байланыштуу өзгөрмөкчү.   «Бул убакыт аралыгында Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде канализациялык коллекторду куруу үчүн жер иштерин жүргүзүү… Кененирээк…

“Барселонанын” мурдагы оюнчулары 3:0 эсебинде утту

30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен ойноду. Оюнда 3:0 эсебинде «Барселонанын» оюнчулары утту. Беттештин башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Ал 29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылганын, академия 10-15 жылда жемишин… Кененирээк…

Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктар берилди

Президент Садыр Жапаров 31-август — Эгемендик күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизинде жогорку даражадагы «Манас» ордени Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кафедра башчысы Сабырбек Жумабековго, кинорежиссер, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Ниязга, академик, мамлекеттик жана коомдук… Кененирээк…