Жогорку Кеңештин эки комитети уран казууга жол ачкан мыйзамды биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 27-майдагы жыйынында «Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.   Бир катар депутаттар экологиялык коопсуздукту камсыздоо, калктын… Кененирээк…

Килиан Мбаппе мадриддик “Реалга” 1-июнда расмий түрдө которулат

Килиан Мбаппе мадриддик “Реалга” 1-июнда расмий түрдө которулат.   Бул күнү испан клубу дортмундук “Боруссия” менен жолугат. Франциялык футболчунун презентациясы август айына, Европа чемпионаты жыйынтыкталгандан кийин белгиленди.   Эске салсак, Мбаппе 2017-жылдан бери ПСЖда ойноп келет. Анын келишими 30-июнда аяктайт.

Көк-бөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди

Көк-бөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди.   Анын айтымында, чечим 20-майда кабыл алынды. Оюндар жалпы 20 спорттун түрү боюнча өтөт. Анын ичинде алыш жана белбоо бар. Кыргызстандан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 280… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде мамлекеттик экзамендер 3-июнда башталат

Кыргызстан мектептеринде мамлекеттик экзамендер 3-июнда башталат.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жыйынтыктоочу аттестация 9-11-класстын окуучулары үчүн 4 предмет боюнча жүргүзүлөт – алгебра, эне тили, орус тили жана Кыргызстан тарыхы боюнча. Экзамендер 15-июнда жыйынтыкталат.

Бишкекте жолдорду оңдоо иштери уланууда

Бишкекте жолдорду оңдоо иштери уланууда.   Мэриянын маалыматына ылайык, буга байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки тилкеси жана Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев – Сүйөркулов бөлүгү транспорт кыймылына чектелүү. Жолдор этабы менен тосулуп жатат.   Азырынча аталган көчөлөр түштүк тарапка жабык болсо, андан кийин… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 52,4 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 52,4 миллион доллар бөлөт.   Тиешелүү макулдашуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде биринчи окууда жактырылды.   Ага ылайык, берилген сумманын 45 миллион доллары насыя болсо, калган бөлүгү гранттык каражат. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетовдун айтымында, акча селден… Кененирээк…

Соңку аптада автоунааны мас абалда айдаган 300дөй айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 20-майдан 26-майга чейинки аралыкта 21 миң 128 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 27-майда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдады.   Анын ичинде тийиштүү документтери жок автоунаа башкаргандар 338, мас абалында унаа башкаргандар 275, автоунаанын терезелерин мыйзамсыз… Кененирээк…

Бишкекте №8 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу уланууда

Бишкекте №8 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу уланууда.   Мэриядан билдиришкендей, имарат 160 орунга чакталат. Корпуста уктоочу, оюн бөлмөлөрү, медициналык кабинет, музыкалык-гимнастикалык залдар жана ашкана жайгашат.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда битум өндүрүү боюнча завод ишке кирди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда битум өндүрүү боюнча завод ишке кирди. “Кабар” жазгандай, объект Барпы айыл аймагында жайгашат. Долбоордун сметалык наркы 5 миллион долларды түздү.   Заводдо жылына 20 миң тонна битум чыгрылат деп пландалууда. Инвесторлор кийин кубаттуулукту жогорулатып, кошумча жабдууларды ишке киргизүү ниетинде.

Каракол шаарына чейин темир жол курулат

Каракол шаарына чейин темир жол курулат.   Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчынын айтымында, учурда Балыкчыдан Макмалды көздөй темир жолдун курулушу жүрүүдө. Ал өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырат.   Андан тышкары, Балыкчыдагы темир жол участогу алгач Тамчы аэропортуна чейин, андан кийин Караколго чейин… Кененирээк…