Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алат
Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алат. Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда жактырды. Маалыматка ылайык, насыя жылдык 1,5 пайыз кредиттик комиссия менен 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөттө 25 жылга берилет. Каражат турак жайды каржылоого жумшалат.