Сузакта жер көчкү түшкөн аймак тазаланууда

Сузакта жер көчкү түшкөн аймак тазаланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына карашту Калмак – Кырчын – Канжыга жолуна жер көчкү түшкөн. Анын айынан Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдик жолу убактылуу жабылып калган.   Жолдогу кооптуулукту жоюуга оор техникалар тартылып, тазалоо иштери… Кененирээк…

Караколдо 500 орундуу мектептин курулушу уланууда

Каракол шаарында 500 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Эске салсак, мектептин курулуш иштери ушул жылдын февраль айында башталган.

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кар массалары Бишкек – Ош жана Каракол – Эңилчек унаа жолдоруна түшүшү мүмкүн.   Айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы зарыл.

Электрондук каттоо системасы аркылуу 59 миңден ашык бала 1-класска катталды

Электрондук каттоо системасы аркылуу 59 миңден ашык бала 1-класска катталды.   Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, учурда Бишкектин беш мектеби толду. Алар: №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси, №70, №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекстери, Гейдар Алиев атындагы №20 мектеп жана №13 англис тилин тереңдетип… Кененирээк…

Бишкек шаарына 146 жыл. Ордо калаада майрамдык иш-чара өттү

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 146 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара Бишкек баатырдын эстелигининин алдында өттү.   Иш-чарада калаа башчы Айбек Жунушалиев чакырылган конокторду жана жалпы шаардыктарды шаар күнү менен куттуктады.   Мэр белгилегендей, жаңы объектилердин, жолдордун саны гана эмес, шаардын бюджети да көбөйүүдө. Быйылкы жылы бюджет… Кененирээк…

Бишкекте 1-майдан тарта фонтандар иштей баштайт

Бишкекте 1-майдан тарта фонтандар иштей баштайт. Мэриядан билдиришкендей, комплекстерди ремонттоо кышы бою жүргүзүлдү.   Бүгүнкү күндө суу өлчөгүч приборлор орнотулуп, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө.   Жалпысынан муниципалдык ишкананын балансында 17 фонтан комплекси бар.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 56 миллион доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Чолпон-Ата шаарындагы канализация жана тазалоочу жайларды курууга 56 миллион доллар бөлөт. Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, тиешелүү протоколго кол коюлду.   Белгиленгендей, каражаттын бир бөлүгү насыя, калганы гранттык негизде берилет. Анын алкагында Чолпон-Атада саркынды сууларды тазалоочу жай жана… Кененирээк…

Бала-Саруу ГЭСинин үч агрегаты тең май айында ишке кирет

Бала-Саруу ГЭСинин үч агрегаты тең 17-майда ишке кирет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Таластагы ГЭС Киров суу сактагычынын ушул кезге чейин пайдаланылбай келген ресурстарын эффективдүү колдонууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.   Эске салсак, Киров суу сактагычындагы ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт. Ал… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө болжол менен 48 миңдей абитуриент катышат

Жалпы республикалык тестирлөөгө болжол менен 48 миңдей абитуриент катышат. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.   Анын айтымында, ЖРТга кошумча каттоо 17 жана 21-майда боло тургандыктан катышуучулардын саны көбөйүшү мүмкүн.   Эске салсак, быйыл ЖРТ 17-майдан 25-майга чейин… Кененирээк…