Азия чемпионаты-2024: Улан Муратбек уулу коло медаль тагынды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Улан Муратбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында коло медаль жеңди.   Кыргызстандык балбан 55 кг чейинки салмакта 1/4 финалдык баскычынан баштап, анда Түндүк Кореядан келген Ю Чол Ро аттуу спортчуга 8:2 эсебинде жеңилип калды. Тундүк Кореялык… Кененирээк…

Бир жумада 40 миңден ашык бала 1-класска электрондук каттоодон өттү

Билим берүү жана илим министрлиги баланы 1-класска электрондук каттоо боюнча маалымат берди. Ага ылайык, бүгүн, 15-апрелге карата республика боюнча 40 миң 874 бала катталды.   Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча маалымат төмөнкүдөй:   Ысык- Көл облусу: 4079 (жалпы квота – 13 миң 821) Жалал-Абад… Кененирээк…

Чолпон-Атада 14 гектар аянтка аллегия курулат

Чолпон-Ата шаарында «Рапопорт» атындагы аллея куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, аллеянын эскиздик долбоору Ысык-Көл районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.   Долбоор боюнча аталган аллея «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинин аймагында жайгашат,… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекети убактылуу жабык

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекети убактылуу жабык. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, аталган пункт аркылуу кечки саат 8ге чейин адамдар, транспорт каражаттары жана жүк өткөрүү чектелет. Мунун себеби техникалык иштерге байланыштуу.

Бөкөнбаев — Көл-Төр — Дөң-Талаа унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Бөкөнбаев — Көл-Төр — Дөң-Талаа унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жеринде «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №33 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын тартылган техникалар иштеп жатат. Учурда жумуштар аталган унаа унаа жолдун 58-61-чакырым аралыгында жүрүүдө.   Жердин… Кененирээк…

Бишкектен Сочиге каттамдар жанданат

Бишкектен Сочиге каттамдар жанданат. “Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Россиялык авиакомпания ушул жылдын 25-майынан тарта Сочи-Бишкек-Сочи багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт.   Учуулар жумасына бир жолу – ишемби күндөрү болот.

Акылбек Жапаров жетектеген делегация Вашингтонго барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышуу үчүн Вашингтонго (АКШ) келди.   Жумушчу сапарынын алкагында ал Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, USAID, Америка-Кыргыз соода палатасы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы… Кененирээк…

Жалал-Абадда беш маршруттук каттамдын ордуна автобустар жүрө баштады

Жалал-Абадда беш маршруттук каттамдын ордуна автобустар жүрө баштады. Жергиликтүү муниципалитеттен билдиришкендей, №103, 104, 108, 109 жана 110 маршруттук каттамдардын ишмердүүлүгү токтотулду.   Ал эми калган маршруткалар экинчи этапта каттамдан алынат.   Белгиленгендей, калаа аймагында жүргүнчүлөрдү тейлөөгө автобустар жетиштүү. Алар 8-10 мүнөт аралык менен каттап жатат.

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов бир айга камалды

Мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалган Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов тергөө абагына киргизилди. Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, ал 11-майга чейин камакта болот.   Буга чейин УКМКдан билдиришкендей, атайын кызмат тарабынан муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык механизмдерди демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жүрүшүндө Бишкектин… Кененирээк…

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстанда бүгүн, 15-апрелде саат 11:57де очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Каравшин айылынан түндүк-чыгышка карай 11 чакырым, Рават айылынан түштүк-чыгышка карай 27 чакырым, Лейлек түштүк-чыгышка карай 32 чакырым аралыкта жайгашкан.   Кыргызстандын калкттуу пункттарында жер титирөөнүн… Кененирээк…