Хайитхон Хусан кызы парадзюдо боюнча эл аралык мелдеште алтын тагынды

Кыргызстандын парадзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Японияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Спортчу 48 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалда монголиялык Токтобаяр Сувд Эрденени, жарым финалда аргентиналык спортчу Ледесма Дуре… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар дагы эле көбөйүүдө

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар дагы эле көбөйүүдө. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 28-ноябрдан бери дарыгерге кайрылгандар бир апта ичинде 5 миң 737 адам болду. Бул ага чейинки аптага салыштырмалуу 687ге көп.   Ооругандардын 67 пайызы 14… Кененирээк…

Соода менен алектенгендерди текшерүүгө жарым жылга мораторий кирди

Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.   Ал мындай чечим Бишкектеги жана башка аймактардагы чоң-чоң базарлардын соодегерлеринин ККМ колдонууга каршы нааразылык акцияларын иликтөө үчүн президент… Кененирээк…

Сүйүнбек Касмамбетов тууну өзгөртүү тууралуу пикирин айтты

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тууну өзгөртүү тууралуу пикирин айтты. Социалдык тармактардагы баракчасында ал өлкө кайра жаралуу маалында бийликтегилер жаңыланган желекке ээ болууну каалап жатканын белгиледи.   Бирок коомдук талкуу азыркы туу элдин аң-сезимине, жүрөгүнө сиңип калганын көрсөтүүдө деген мамлекеттик катчы Жогорку Кеңештин депутаттары эл… Кененирээк…

Сауд Арабияда супер байлар үчүн мейманкана курулат

Сауд Арабияда супер байлар үчүн мейманкана курулат. Имарат алты бурчтуу бийик мамычалардан турган мунара формасында болот.   Отелде 65 мейманкана бөлмөсү жана 35 люкс резиденция жайгашат.   Коноктор пляж клубун, спа жана ден соолукту чыңдоо борборун пайдалана алышат. Ат минүү да жеткиликтүү болот.   Азырынча… Кененирээк…

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТнын жыйынтыгы жакында чыгат

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТнын жыйынтыгы аптанын аягында белгилүү болот. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, тестирлөөнүн катышуучуларына сертификаттар 7-8-декабрда тапшырылат.   Жалпысынан ноябрь айынын аягында жалпы республикалык тестирлөөдөн 902 адам өттү.   ЖОЖдорго… Кененирээк…

Туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү онлайн алса болот

Кыргызстандыктар туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү электрондук арыз аркылуу ала алышат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, республика боюнча пилоттук долбоор кайра жанданды.   Маалым болгондой, мындай чечим суроо-талаптын көптүгүнөн кабыл алынган.   Эске салсак, буга чейин төрөлүү жана өлүмдү мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор… Кененирээк…

«Аманат» улуттук холдингин түзүү жөнүндөгү жарлык күчүн жоготту

«Аманат» улуттук холдингин түзүү жөнүндөгү жарлык күчүн жоготту. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, документке Садыр Жапаров кол койду.   Бул жарлыкта “мамлекеттик үлүшү бар чарбакер коомдорду натыйжалуу башкаруу” максатында Министрлер кабинетине «Аманат» улуттук холдингин түзүү тапшырмасы берилген. Ага 16 ири компания кирери, уставдык капиталы 100… Кененирээк…

Өзгөндө 150 орундуу мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.   150 орунга ылайыкташкан объектти салуу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Учурда окуу корпусунун, спорттук зал жана өтмөк галереясынын курулуш жумуштары 100% аткарылды.

Айыл чарба министрлиги өзгөрөт

Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги болуп өзгөрөт. Бул тууралуу министр Аскарбек Жаныбеков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.   Ал жарлыктын долбоору даяр болуп калганын айтты. Чиновник Суу кодексинин долбоору да даярдалып, Министрлер кабинетине киргизилгенин кошумчалады.