Россиядагы теракттан кыргызстандык эки кыз каза болгону боюнча маалымат тастыктала элек

Москванын четиндеги «Крокус сити холл» концерттик залында орун алган терактта эки кыргызстандык кызды каза болду деп таануу азырынча эрте. Бул тууралуу парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.   Анын айтымында, жогорудагы маалымат… Кененирээк…

Жыл башынан бери 202 техника лизингге берилди

Ушул жылдын үч айында 1 млрд сомго 202 техника лизингге берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Министрликтин демилгеси менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо максатында 2011-жылдан тартып айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берилип келет.… Кененирээк…

Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет

Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынды.   Ага ылайык, 5-апрелден 1-октябрга чейин таңкы саат 7ден түнкү 9га дейре жүк ташуучу унааларга муниципалдык жолдо жүрүүгө тыюу салынат.… Кененирээк…

Бишкекке дагы 35 жаңы автобус келди

Бишкекке дагы 35 жаңы автобус келди. Шаардык мэриядан билдиришкендей, бир ай ичинде дагы 465 транспорт келет.   Эске салсак, былтыр президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында аталган өлкөдөн газ менен жүрүүчү 1 миң автобус сатып алуу боюнча чечим кабыл алынган.   Келишимге ылайык, өткөн… Кененирээк…

Өлкөнүн түштүгүндө айдап-себүү иштери башталды

Өлкөнүн түштүгүндө айдап-себүү иштери башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда жер айдоо иштери жүрүүдө.   Маалыматка ылайык, тиешелүү жерлер азоттук… Кененирээк…

Бишкек жана Ош шаарларында ишембилик майга чейин өткөрүлөт

Бишкек жана Ош шаарларында ишембилик 11-майга чейин жума сайын өткөрүлөт. Жергиликтүү муниципалитеттердин маалыматына караганда, мындай иш-чара шаарларды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында уюштурулуп жатат.

Новопавловкада 3-5-апрель күндөрү газ өчүрүлөт

3-5-апрель күндөрү Новопавловка айылында газ өчүрүлөт. «Бишкекгаздан» билдиришкендей, бул күндөрү жаңы абоненттерди газга кошуу боюнча өндүрүштүк иштер жүргүзүлөт.   Буга байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда жаратылыш газы жок болот: Абакан көчөсү, Сарыкулаков көчөсү, Красноводский тилкеси, Камчатская көчөсү, Алыкулов көчөсү, Ден Сяопин пр., Фрунзе көчөсү,… Кененирээк…

Ноокат шаары көрктөндүрүлөт

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ноокат шаарын өзгөртүүнү көздөп жатат. Аталган мекемеден маалымдалгандай, облустук башкармалык Насирдин Исанов атындагы сейил багын жана көп кабаттуу үйлөрдүн ортосундагы балдар аянтчаларын реконструкциялоо боюнча долбоор даярдаган.   Документ мэриянын кароосуна берилди. Ага ылайык, ошондой эле үйлөрдүн фасадынын… Кененирээк…

Ош – Баткен – Раззаков жолунда эки көпүрө пайда болот

Ош – Баткен – Раззаков жолунда эки көпүрө пайда болот. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, алардын бири жолдун 29-чакырымында, экинчиси 42-чакырымында салынат.   Учурда даярдык жана курулуш иштери жүрүп жатат. Куруучуларга жумушту өз убагында бүткөрүү, сапатка өзгөчө көңүл буруу милдети коюлган.

Ушул жумада жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктайт

Ушул жумада жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктайт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, абитуриенттер 4-апрелге чейин окуган жеринде, ал эми мурунку жылдардагы бүтүрүүчүлөр жашаган жери боюнча райондук же шаардык билим берүү бөлүмүндө сынактан өтүшү керек.   Негизги жана ар бир предметтик тесттер үчүн төлөм 470 сомду түзөт.… Кененирээк…