Улуттук госпиталда үч күн акысыз томографиядан өтсө болот

Улуттук госпиталда үч күн акысыз томографиядан өтсө болот. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, текшерилүүнү каалагандар 22-24-ноябрь күндөрү дарыгердин багыттамасын алып келиши керек.   Ашказанын текшертүүнү көздөгөндөр ачкарын болушу зарыл.   Томографиядан өтүү бул күндөрү эртең мененки саат 9дан күндүзгү 4кө чейин жүргүзүлөт. Текшерилүү үчүн бейтаптардын кезеги… Кененирээк…

1-январдан тарта Кыргызстанда патент менен соода кылууга тыюу салынат

Келерки жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жеке жактарга патент менен соода кылууга тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.   Соодагерлер патенттин ордуна жалпы салык режимин же бирдиктүү салыктын негизиндеги атайын салык режимин тандоого туура келет.   Калкка төлөмдөрдү жүргүзүүдө көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуу милдеттүү болуп… Кененирээк…

Кыргызстанда шайлоого катышпагандарды айыпка жыгуу сунушталууда

Кыргызстанда шайлоого катышпагандарды айыпка жыгуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар комитети документти биринчи окууда жактырды.   Айыптын өлчөмү 5 миң сом болушу мүмкүн.   Ошол эле учурда талкуунун жүрүшүндө Министрлер кабинети мындай өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышына каршы экени белгилүү болду, анткени шайлоого катышуу ар бир жарандын… Кененирээк…

Бишкекте батирин ижарага бергендерди салык төлөтүү иши күчөтүлөт

Бишкекте батирин ижарага бергендерди салык төлөтүү ишин күчөтүү талабы коюлду. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, киреше боюнча штабдын отурумдары өтө баштады.   Көп кабат үйдөгү батир үчүн салык бир чарчы метрине айына 30 сом, ал эми жеке үйдө болсо 40 сом деп эсептелген. Аны төлөбөгөн… Кененирээк…

УКМКнын Талас облустук кызматкерлерине жаңы батирлер тапшырылды

УКМКнын Талас облустук кызматкерлерине жаңы батирлер тапшырылды. Атайын кызматтан кабарлашкандай, беш кабаттан турган 35 батирдин, 19у УКМК кызматкерлерине, ал эми 16сы мекеменин чек ара кызматынын аскер кызматчыларына берилди.   Турак жайдын курулушу 2022-жылдын октябрь айында башталган. Анын жалпы аянты 3 миң 992 м2 түзөт.

Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылды

Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Оман командасы менен ойнойт.   Мындан улам, түнкү 10го чейин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун айланасында жол кыймылы чектелет. Бул Тоголок Молдо, Фрунзе, Панфилов көчөлөрү жана Чүй проспектисинин бир… Кененирээк…

Жалал-Абаддагы маданий мекемелерде оңдоо иштери жүрүүдө

Жалал-Абаддагы маданий мекемелерде оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Базар-Коргон райондук маданият үйүн ремонттоо үчүн 200 миң сом бөлүнгөн. Ал эми Аксыдагы маданият үйүнө 300 миң сом сарпталды.

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүүдөн казынага дээрлик 50 млн сом түштү

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында жылдын 10 айында өлкө казынасына дээрлик 50 млн сом түштү. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, сумма өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп.   Бул убакыт аралыгында 500 миң 500дөн ашык машине текшерилди. Текшерүү өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын… Кененирээк…

Башталгыч класстын ысык тамагына бөлүнгөн акча 14 сомго көбөйтүлөт

Кыргызстанда башталгыч класстын ысык тамагына бөлүнгөн акча 14 сомго көбөйтүлөт. Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдиргендей, мамлекеттик билим берүү мекемелерине тиешелүү план келерки жылы ишке ашат.   Эске салсак, буга чейин Финансы министрлиги өзгөртүү киргизилген «Билим берүү жөнүндө» мыйзам боюнча бала бакчалардагы бөбөктөрдүн тамак-ашын… Кененирээк…

Лондондо сейрек кездешүүчү виски рекорддук суммага сатылды

Лондондо сейрек кездешүүчү бир бөтөлкө виски аукциондо рекорддук суммага сатылды. Ичимдик эки миллион доллардан ашык акчага бааланды.   Виски 1926-жылы жасалып, 60 жыл бою челекте сакталган. 37 жыл мурун анын бөлүгү 40 бөтөлкөгө куюлган.   Бул лот вискиге жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Буга чейинки жетишкендик… Кененирээк…