Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 15 чакырымы курулат

Быйыл Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 15 чакырымы курулат. Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев буга чейин беш чакырымы салынганын билдирди.   Аталган темир жолдун курулушу былтыр март айынын аягында расмий башталган. Жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн темир жолду куруу 2030-жылга чейин аяктары, ага кошумча инвестиция тартылбастан,… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 13 айыл аймагы бешке чейин кыскарды

Аймактык реформанын алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 13 айыл аймагы бешке чейин кыскарды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Илияз Иманбетов билдирди.   Маалыматка ылайык, жаңы түзүлгөн айыл аймактары Юстиция башкармалыгынын каттоосунан өтүп, күбөлүктөрү алынды.   Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформа Түп… Кененирээк…

ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргызстан өз позициясын сактап калды

ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргызстан өз позициясын сактап калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, улуттук курама команда мурдагыдай эле 97-орунду ээледи. Дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы үчтүктө Аргентина, Франция жана Бразилия турат.

Тоют экспорттоого быйыл да тыюу салынат

Кыргызстанда быйыл да тоют экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.   Айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн сыртка алып чыгууга чектөө чараларын өкмөт 2020-жылдан тартып киргизип келет. Тизмеге чөп, саман, кошмо тоют, кебек жана дан тоют кирет.

Кийинки жылы Кыргызстанда 11 ГЭС пайдаланууга берилет

Кийинки жылы Кыргызстанда 11 гидроэлектростанция пайдаланууга берилет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Чиновниктин айтымында, анын ичинен бешөө ири ГЭС, калганы чакан ГЭСтер.   Белгиленгендей, азыркы тапта республика боюнча 17 ГЭСтин курулушу жүрүп жатат.

ЖОЖдордо кыздар үчүн өзүн-өзү коргоо курстары ачылышы мүмкүн

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кыздар үчүн өзүн-өзү коргоо курстары ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Аралаш мушташ боюнча федерациянын президенти Нуралы Айдаров билдирди.   Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Долбоордун алкагында чет элдик машыктыруучуларды тартуу пландалууда.

Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөө узартылды

Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөө 26-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Ага ылайык, жол күнүгө үч маал, тактап айтканда таңкы саат 5тен 8ге чейин, күндүзгү саат 10дон 12ге чейин жана түштөн кийин саат 2ден 4кө чейин жабык болот. Мунун… Кененирээк…

Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү сунушталды

Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү сунушталды. Эгер мындай чара көрүлбөсө дефицит көбөйөрүн энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди   Быйыл электр энергиясына болгон таңкыстык 3 миллиард кВт/саат болсо, кийинки жылдары дагы өсөт. Дефицит 5-6 миллиард кВт/саатка барып калышы мүмкүн,-деди Ибраев.   Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы… Кененирээк…

Кийинки жылдан тарта накталай формада турак жай, унаа сатып же ижарага берүүгө тыюу салынат

Кийинки жылдан тарта накталай формада турак жай, унаа сатып же ижарага берүүгө тыюу салынат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү иштерди аткарууну Санариптик өнүктүрүү министрлигине тапшырма берди.   Өкмөт башчы белгилегендей, бул салыктардын сыртка чыгып кетишин жоюп, ачык-айкындуулукту камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт.   Мамлекеттик кызматтар… Кененирээк…

Бишкекте Чүй – Фучик тилкеси эртең унаа кыймылына чектелет

Бишкекте Чүй – Фучик тилкеси эртең унаа кыймылына чектелет. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, 21-июлда канализациялык коллекторду орнотуу иштерине байланыштуу аталган кесилиш жабылат.   Айдоочуларга тыгындарды жаратпоо максатында башка каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.