Америкалык эркекке жаңылыштык менен алынган лотерея билет байлык алып келди

Америкалык эркекке жаңылыштык менен алынган лотерея билет байлык алып келди. АКШ тургуну 20 долларга бир купон алам деп, адашып экини сатып алган. Дал ошол экинчи билет утуштуу болуп, эркек 50 миң доллар утуп алды.   Ал акчасын карыздарын жабууга жумшай турганын билдирди.

Бишкекте №7 троллейбус өз каттамы менен жүрүп баштады

Бишкекте №7 троллейбус өз каттамы менен жүрүп баштады. Троллейбус башкармалыгынан билдиришкендей, аталган коомдук транспорт кайрадан Ак-Өргө конушунан Тунгуч кичи районуна чейин жүрөт.   Эске салсак, Гагарин-Некрасов көчөлөр кесилишинде канализациялык коллекторду орнотуу иштерине байланыштуу, жыл башынан бери №7 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлгөн болчу.

Бишкекте суу тартыштыгы боюнча абал бир айдын ичинде турукташат

Бишкекте суу тартыштыгы боюнча абал бир айдын ичинде турукташат. Буга ордо калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев ишендирүүдө. Анын айтымында, мэрия иш-чаралар планын бекитти.   Анда айрым суу түтүктөрүн жылдыруу жана жаңы скважиналарды чыгаруу каралды.   Андан тышкары, Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын бассейндерине суу топтолуп баштады, бул… Кененирээк…

Франциялык чабуулчу Карим Бензема сауд арабиялык “Аль-Иттихад” менен келишим түздү

Франциялык чабуулчу Карим Бензема сауд арабиялык “Аль-Иттихад” менен келишим түздү. Форвард трансфер документтерине кол койгону белгилүү болду. “Алтын топтун” учурдагы ээси аталган клубда 2 жыл ойнойт.   Жылдык маянасы 100 миллион еврону түзөт. Белгилеп кетсек, Карим Бензема “Мадриддик Реалда” 14 жыл катары менен ойногон. Ал… Кененирээк…

Кыргызстанга келген россиялык туристтердин саны эки эсе өстү

Кыргызстанга келген россиялык туристтердин саны эки эсе өстү. Россиянын федералдык статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь айынан апрелге чейин биздин өлкөгө 64 миң 300 россиялык жаран туристтик сапар менен келген.   Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 58 пайызга көп.   Эске… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдө алдыдагы 2 күндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкек жана Чүйдө алдыдагы 2 күндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкек – “Манас” аэропорту, Фучик, Садырбаев көчөлөрүн, Жаш Гвардия бульварын, Чүй, Манас проспектилерин маал-маалы менен жабуу пландалып жатат.   Чектөөлөр Катар эмиринин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен… Кененирээк…

Бишкек мэриясы таза сууну нормадан ашык колдонгондорго жогорку тариф киргизүүнү пландап жатат

Бишкек мэриясы таза сууну нормадан ашык колдонгондорго жогорку тариф киргизүүнү пландап жатат. Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдиргендей, суунун бир суткага  карата керектелүүчү нормасы 170 литрди түзөт.   Негизи, тиричилик колдонуу үчүн бул көлөм жетиштүү.   Бирок жайкысын жеке турак-жайлардын тургундары сууну сугатка колдонуп, кадимки тариф менен… Кененирээк…

Бишкек-Кара-Балта жолунан 104 миллион сом уурдалган

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Бишкек-Кара-Балта жолун куруу учурунда казынадан 104 миллион сом уурдалган. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан «Бишкек -Кара-Балта авто жолун реконструкциялоо» долбоорунун алкагындагы иштердин көлөмүн текшерилген. Анын натыйжасында көчөгө жарык бере турган 450 темир мамы, 36 парапет, эки аялдама, темир торлор,… Кененирээк…

“Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркы 6-10-июнда жабык болот

“Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркы 6-10-июнда жабык болот.   Бул тууралуу “Ала-Арча кыргыз улуттук жаратылыш паркы” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Аталган күндөрү эс алуу аймагында санитардык иштер жүргүзүлгөндүктөн, унаалардын жана жарандардын өтүшүнө чектөө киргизилет.

Өзгөн районунда жаңы мектеп курулууда

Өзгөн районунда жаңы мектеп курулууда. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Жыланды айылында жайгашат. Мектеп 275 окуучуга чакталат.   Бул жерде бардык зарыл шарттар түзүлөт. Долбоорду ишке ашырууга 117 миллион сом керектелет. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.