Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.   Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 15-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымына тиешелүү Боом капчыгайында жүргүзүлөт. Андан улам трасса эртең мененки саат 9дан күндүзгү… Кененирээк…

Бишкекте Кара-Дарыя көчөсүнүн курулушу башталды

Бишкекте Кара-Дарыя көчөсүнүн курулушу башталды. Мэриядан билдиришкендей, быйыл ордо калаада 3 жаңы көчө пайда болуп, алар Ахунбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисин байланыштырат.   Алардын бири темир жол аркылуу Кара-Дарыя жана Сүйүмбаев көчөлөрүн бириктирет. Трасса Аламүдүн дарыясын бойлоп өтөт.   Шүкүров көчөсү менен ал Лев… Кененирээк…

Кыргызстанда соңку 3 жылда 2 миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү

Кыргызстанда соңку 3 жылда 2 миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү.   Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, курулуш-оңдоо иштерине жалпысынан 14,5 миллиард сом каралган.   Бул каражатка 660 чакырым трасса оңдолот деп пландалууда.

Кыргызстанда геологиялык тармакты өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүндү

Кыргызстанда геологиялык тармакты өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.   Анын айтымында, каражат геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, геофизикалык жана башка атайын бургулоочу жабдууларды сатып алууга, пайдалуу кендерди изилдөө жана баалоого жумшалат. Эске салсак, Кыргызстан аймагында жалпысынан 15 миң пайдалуу кен табылган,… Кененирээк…

Энергиянын кошумча булактарын куруу үчүн жер участоктору 25 жылга ижарага берилет

Министрлер кабинети энергиянын кошумча булактары боюнча айрым чечимдерге өзгөртүү киргизди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Документ энергиянын кошумча булактарын өнүктүрүү, куруу, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү максатында иштелип чыккан. Электр станцияларын куруу үчүн ижара келишиминин шарттары боюнча мамлекеттик жер пайдалануучуларга… Кененирээк…

11-апрелде Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калат

11-апрелде Бишкек шаарында электр тармактарын пландуу оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ​​ишканасынан билдиришти. Электр жарыгы төмөнкү райондордо өчөт: Саат 9:30дан 13:30га чейин: Аламүдүн 1 кичирайонундагы №35, 39, 42, 41, 38, 37, 40, 34, 36 дарегинде, Салиева, Лермонтов, Целиноградская, Ялта,… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан эки кабаттуу үй буздурулду

Бүгүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан Бишкек шаары, Власова №59 дарегинде жайгашкан мыйзамсыз курулуш буздурулду.   Буздуруу ишине Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, анын орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жетекчиси Эрназарбек Суеркулов катышты.   Белгиленгендей, аталган объект… Кененирээк…

Азербайжандын тышкы иштер министри Бишкекке келди

Бишкек менен Баку кылмышкер деп шек саналган жана айыпталган жарандарды бири бирине өткөрүп берген окуялардын тушунда Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапар менен келди.   Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, ал 8-апрелде кечинде «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Байрамов министр Жээнбек Кулубаев жана… Кененирээк…

Кыргызстан Казакстанга жөнөткөн гумжардам төрт облуска бөлүштүрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кыргызстандан Казакстандагы суу ташкынга байланыштуу жөнөтүлгөн гуманитардык жардам төрт облуска бөлүштүрүлдү.   Бишкектен барган «Жардам кербенин» 9-апрелге караган түнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. Жардам кайсыл облустарга бөлүштүрүлгөнү тууралуу маалымат айтыла элек.   Күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары,… Кененирээк…

Талас шаарындагы Сарыгулов көчөсүнүн Айтматов көчөсүнөн тарта Бердике Баатыр көчөсүнө чейинки аралыгы заманбап талаптарга ылайык келтирилет

Талас шаарындагы Сарыгулов көчөсүнүн Айтматов көчөсүнөн тарта Бердике Баатыр көчөсүнө чейинки аралыгы заманбап талаптарга ылайык келтирилет.   Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мындай аракет шаардын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрү максатын көздөйт.   Учурда бул багытта атайын эскиздик долбоор иштелип чыгып, жергиликтүү мэриянын… Кененирээк…