Бишкекте №103 маршруттук таксинин ордуна автобустар кое берилди
Бишкекте №103 маршруттук таксинин ордуна автобустар кое берилди. Мэриянын маалыматына ылайык, каттам Садырбаев көчөсүнөн Чоң-Арык айылына чейин барат. Анын жалпы узундугу 35 чакырымды түзөт. Автобустар 6-8 мүнөттүк аралык менен жүрөт. Жалпысынан линияга 20 автобус кое берилди.