Ысык-Көлдүн туристтик милициясы белекке катер алды

Ысык-Көлдүн туристтик милициясы белекке катер алды. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, суу транспортун Караколдук жеке ишкер тапшырды.   Катердин жардамы менен тартип сакчылардын иши натыйжалуу болорун ведомство белгилейт. Алсак, браконьерлерге каршы күрөшүүдө жана жайкысын туристтердин коопсуздугун камсыздоодо анын жардамы чоң болот.

Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери уланууда

Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери уланууда.   “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жумуштар 24-апрелден 28-апрелге чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун   129-чакырымында жүргүзүлөт.   Бул күндөрү эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин транспорт жолдун бир тилкеси менен өткөрүлөт.… Кененирээк…

Ленин округунан шайлоого катышууга арыз бергендердин саны 21ге жетти

Ленин округунан шайлоого катышууга арыз бергендердин саны 21ге жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришткендей, алар өзүн өзү көрсөткөндөр.  Добуш берүүнүн өзү 28-майга белгиленди.   Боршайком кампаниянын жалпы сметасын 18,5 миллион сом деп эсептеген. Эске салсак, Ленин райондук бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңешке келген Жаныбек Абиров… Кененирээк…

Кырсыктаган окуучулардын азыркы абалы айтылды

Бүгүн Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда окуучулар бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылган, мындан улам реанимацияга түшкөн төрт баланын абалы оор, бирок туруктуу. Бул тууралуу №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.   «Реанимациядагы төрт баланын абалы оор, бирок туруктуу. Бардык нерсени ачык айтып… Кененирээк…

Ош шаарында ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

Ош шаарында ишкерлерди тейлөө борбору ачылды.   Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Борбордун ишинин негизги максаты – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге сапаттуу, өз убагында жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү.   Ушундай эле борбор… Кененирээк…

Ашууларда көчкү коркунучу бар

21-24-апрель күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында жана Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.   Жолдор тайгак болуп… Кененирээк…

Бишкектеги жол кырсыгында кеминде 16 киши жабыркады

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан жолдо жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу “Азаттыкка” билдирди.   Маалыматка ылайык, жолдо автобус кайрылып жатканда арттан келе жаткан автоунаа сүзүп кеткен. Учурда жол кырсыгынан жабыркагандардын саны… Кененирээк…

Чемпиондор лигасынын бардык жарым финалчылары аныкталды

Чемпиондор лигасынын бардык жарым финалчылары аныкталды. Биринчи жуп италиялык “Интер” жана “Милан” клубдарынан турат. Экинчи жупта оюн талаасына мадриддик “Реал” менен “Манчестер Сити” чыгат. Беттештер майда өтөт.   Чечүүчү оюн 10-июнда Стамбулдун Ататүрк стадионунда болот. Кошумчалап кетсек, азыркы Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү мадриддик “Реал”.

Эртең “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бардык бөлүмдөрү иштебейт

Эртең “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бардык бөлүмдөрү иштебейт. Бул Орозо айт майрамына байланыштуу.   Буга чейин 21-апрелге белгиленген айдоочу күбөлүктөрүн алууга экзамендер дүйшөмбү, 24-апрелге жылдырылды.

Айт намаздан улам эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат

Айт намаздан улам эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, таңкы саат 5тен 9га чейин Фрунзе, Панфилов, Тыныстанов көчөлөрүн жана Чүй проспектисин бириктирген бөлүк чектелет.   Бул көчөлөргө токтотулган унаалар эвакуацияланат, — деп эскертишти ведомстводон.   Белгилеп кетсек, Айт намаз Эски… Кененирээк…