Башка адамдын паспортун соцтармакка уруксатсыз жарыялагандарга айып салуу каралууда

Кыргызстанда башка адамдын паспортун социалдык тармакка уруксатсыз жарыялагандарды жазалоо сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеп жатат.   Ага ылайык, жеке маалыматтарды мыйзамсыз колдонгон жана жарыялаган жарандарга 7 миң 500 сом, юридикалык тараптарга 65 миң айып салуу каралууда. Документ Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды.

Кыргызстанда уруксат кагаздарынын саны 45%га кыскарат

Кыргызстанда уруксат кагаздарынын саны 905тен 250гө чейин кыскарат. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов билдирди.   Анын айтымында, документтердин үстүндө 8 ай иш жүрүп, кагаздардын 45%ын кыскартуу чечими кабыл алынды. Калган 55%дын жарымы оптимизация болот.   Муну менен мамлекеттин бизнес чөйрөдөн тизмеде болгон гана уруксат… Кененирээк…

Энергетика министрлигине жаңы орун басар дайындалды

Салават Садыракунов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин «Мамалекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Кыргыз футбол биримдигинин президенттигине Касымалиев сунушталды

Кыргыз футбол биримдигинин президенттигине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Мындай чечимди аталган союздун аткаруу комитети кабыл алды.   Касымалиев бул кызматка жалгыз талапкер болуп саналат. Шайлоо эртең өтөт.   Ошондой эле аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов жана Джохан Ералханов сунушталганы кабарланды.   Эске… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта жергиликтүү бийлик эл менен жолугушууларды өткөрө баштайт

Президент Садыр Жапаров билдиргендей, иш-чара ар бир айыл өкмөттө уюштурулат.   Ал эми октябрь-ноябрь айларында ушундай эле форматтагы жолугушуулар губернаторлор, облустук деңгээлдеги прокуратура, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрү жана башка мекеме жетекчилердин катышуусунда уланат.    

Жергиликтүү бийлик эл менен жолугушууларды өткөрө баштайт

Өлкөдө 11-майдан тарта жергиликтүү бийлик эл менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.   Маалыматка ылайык, иш-чара ар бир айыл өкмөттө уюштурулат.   Ал эми октябрь-ноябрь айларында ушундай эле форматтагы жолугушуулар губернаторлор, облустук деңгээлдеги прокуратура, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрү жана… Кененирээк…

Кыргызстанда 2020-жылдан бери 1 миң 488 мүлк мамлекетке кайтарылган

Кыргызстанда 2020-жылдан бери 1 миң 488 мүлк мамлекетке кайтарылган. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев билдирди.   Маалыматка ылайык, мунун ичинен 221 объект сатылып, 1 миң 48и мамлекеттик мекемелерге берилсе калган 219 мүлк Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча… Кененирээк…

Кыргызстан–Кытай–Пакистан багыты боюнча жаңы пилоттук транспорттук каттам ачылды

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.   Каттам Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен биргеликте эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана дүйнөлүк деңиз портторуна түз чыгуу стратегиясын ишке ашыруунун алкагында киргизилди. Ал Бишкектен башталып, Торугарт — Кашкар — Хунжераб — Исламабад — Карачи деңиз… Кененирээк…

Кыргызстанда 300 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы жогорулады

Ушул айдын аягында социалдык чөйрөдө иштеген 300 миңге жакын кызматкер көбөйтүлгөн айлык алат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.   Анын айтымында мугалимдердин айлыгы орто эсеп менен 35 миң сомдон 100 миң сомго чейин, ал эми дарыгерлердики 40 миң сомдон… Кененирээк…

Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россиянын борбору Москва шаарына сапары менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, иш сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу пландалууда. Алдыда дагы кошумча маалымат берилет.