Жалал-Абад шаарында 1500 окуучу “Манас» айтты

Жалал-Абад шаарында 1500 окуучу «Урааным Манас» аталышындагы «Манас» айтуу боюнча республикалык кароо-сынагынын алкагында «Манас» айтышты.   Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев катышып, «Манас» айтып жаткан окуучуларга… Кененирээк…

Тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.   Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинен 29-апрелине чейинки жаан-чачынга байланыштуу төмөнкү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө: Кыргызстандын тоолуу райондорунда; Бишкек – Ош унаа жолунун 207-224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда; Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-майда “Торугарт унаа жолу” жана “Эркечтам унаа жолу” түйүндөрү иштебейт.   Пункттар кытай тараптын демилгеси менен Кытайда “Эмгек күнү” майрамдалгандыгына байланыштуу жабылат. Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2-майда жанданат.

Бишкекте үч күн бою арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт

Бишкекте үч күн бою арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 30-апрель жана 1-2-май күндөрү Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте “Жаз 2024” жарманкесин уюштурууда.   Анда социалдык маанилүү тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти ортомчусу жок түз сатылат. Жарманке… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Ала-Тоо аянты оңдоо иштерине жабылат

Бүгүнтөн тарта Ала-Тоо аянты оңдоо иштерине жабылат. Мэриядан билдиришкендей, пландалгандай башкы аянттагы фонтан реконструкцияланып, ардактуу кароол убактылуу алынат.   Андан тышкары, учурдагы 45 метрлик флагшток алынып, анын ордуна бийиктиги 100 метрлик флагшток орнотулат. Реконструкция иштери жүргүзүлүп жаткан учурда унаа кыймылына чектөө киргизилбейт.

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.   Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 29-30-апрелде  эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин уланат. Бул учурда жол жарым-жартылай жабылып турат.

Адахан Мадумаров депутаттык мандатынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мандатынан ажыратылды. Тиешелүү маселе БШКнын 26-апрелдеги жыйынында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, мындай чечимди кабыл алууга Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы ѳкүмү негиз болгон. БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Таалайбеков Адахан Мадумаров жыйынга чакырылганын, бирок келе албасын айтканын билдирди.… Кененирээк…

Бишкектин жашоочулары шаардагы жолдордун абалы тууралуу мэрияга түз маалымдай алышат

Бишкектин жашоочулары шаардагы жолдордун абалы тууралуу мэрияга түз маалымдай алышат. Мэрия билдиргендей, көчөлөрдөгү абал тууралуу маалыматтарды топтоп, көйгөйдү тез арада жоюу максатында ыкчам байланыш каналы уюштурулду.   Ал аркылуу жашоочулар жолдордун абалы тууралуу сүрөт жана видеолорду жөнөтө алышат. Андан соң тиешелүү департамент жолдун талкаланган жерин… Кененирээк…

Алимент төлөөдөн качкандарга жазаны күчөтүү сунушталды

Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын 26-апрелдеги отурумунда алимент төлөбөгөндөргө чара көрүү маселеси талкууланды. Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин башкармалык башчысы Максат Мойноков Кыргызстанда жыл өткөн сайын алимент төлөөдөн качкандардын саны көбөйүп жатканын белгиледи. Анын айтуусунда, айып пул жана административдик-коомдук иштерге чегерүү жазалары тиешелүү натыйжа бербей келет.… Кененирээк…