Ысык-Көлдө 150гө жакын мыйзамсыз курулуш буздурулду

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Ысык-Көлдүн жээгиндеги 146 мыйзамсыз курулуш буздурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуштун төрагасы Мырзабек Жыпаркулов билдирди.   Жыпаркуловдун маалыматына караганда, анын ичинде 100 метрлик аралыкта жайгашкан жеңил тамактануучу жай, кафе, дүкөн жана пирс жана башкалар бар.

Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылды

Кыргызстан быйыл «Аялдардын тынчтыгы жана коопсуздук» индексинде (Women Peace and Secutity Index) 177 мамлекеттин ичинен 95-орунду ээледи. Муну менен өлкө Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү бааны алган.   Индексте Түркмөнстан 58-орунду, Казакстан 70-орунду, Тажикстан 90-орунду, Өзбекстан 94-орунду ээлеген.   Рейтингде алдыңкы үчтүккө Дания, Швейцария,… Кененирээк…