Канадалык рэпер жана продюсер Дрейк карьерасында тыныгуу ала турганын жарыялады

Канадалык рэпер жана продюсер Дрейк карьерасында тыныгуу ала турганын жарыялады.   Daily Mail жазгандай, хип-хоп артист көп жылдардан бери ооруп жатканын билдирди. 36 жаштагы музыкант диагнозду атаган жок, бирок студиянын эшигин жок дегенде бир жылга өзү үчүн жапканын айтты.

Нидерландыда мектеп окуучуларына планшет, смартфон жана акылдуу сааттар менен колдонууга тыюу салынат

Нидерландыда мектеп окуучуларына планшет, смартфон жана акылдуу сааттар менен колдонууга тыюу салынат. Жергиликтүү билим берүү министрлигинен билдиришкендей, гаджеттер окуучулардын жетишкендигине тоскоолдук жаратууда.   Техника менен колдонууга уруксат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана атайын сабактарда гана берилиши мүмкүн.

Бишкекте 5 борбордук көчө кеңейтилет

Бишкекте 5 борбордук көчө кеңейтилет. Бул тууралуу 24 агенттигине мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, кеп Чүй, Жибек Жолу проспектилери, Ахунбаев, Байтик Баатыр/Абдрахманов жана Фучик көчөлөрү тууралуу болуп жатат.   Учурда долбоор даярдалып жатат, — деди шаар жетекчиси. Белгилеп кетсек, Бишкектин аталган көчөлөрүндө тыгындар эң… Кененирээк…

12-13-октябрда Бишкектеги бардык билим берүү уюмдары аралыктан окушат

12-13-октябрда Бишкектеги бардык билим берүү уюмдары аралыктан окушат.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлады. Буга чейин мэрия ордо калаада 12-13-октябрда мектептер онлайн режимге өтөрүн маалымдаган.   Билим берүү министрлигинин чечимине ылайык, бул күндөрү студенттер дагы аралыктан окумай болду. Ал эми бала бакчалар… Кененирээк…

Европалык бирикме Кыргызстанга гранттык негизде 7 миллион евро которду

Европалык бирикме Кыргызстанга гранттык негизде 7 миллион евро которду.   Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат өлкө мектептеринде билим берүүнү жакшыртууга, окуу куралдарын сатып алууга жана Интернет менен камсыздоону кеңейтүүгө багытталат.   Ведомстводон белгилешкендей, бул Евробирикме Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүгө бөлүп бере турган 27 миллион… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында унаа тыгыны азая баштады

Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны боюнча маселе бүгүн 9-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде жарандык жана жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып жатканда көтөрүлдү.   Депутат Улукбек Ормонов бүгүн “Ак-Тилекте” 200дөн,… Кененирээк…

Бишкекти КМШ саммитине даярдоо үчүн 500 млн сом жумшалды

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитине байланыштуу Бишкекти жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине 500 млн сомго жакын каражат жумшалды. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров 9-октябрда тиешелүү объектилерди текшерүү учурунда билдирди. Анын айтымында, каражат атайын бөлүнгөн эмес. Калаа жетекчилиги күздө саммит болорун билгендиктен бул сумманы жыл… Кененирээк…

Ноябрь айында кыргызстандыктар катары менен 5 күн эс алат

Ноябрь айында кыргызстандыктар катары менен 5 күн эс алат. 7-8-ноябрда белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү быйыл шейшемби, шаршембиге туура келет.   Министрлер кабинети 6-ноябрь, дүйшөмбүнү 11-ноябрь ишембиге жылдырды. Муну менен өлкөдө 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алуу жарыяланат. Бирок 11-ноябрда кыргызстандыктар иштейт.

Баткенде мобилдик клиника кыз-келиндердин ден-соолугун текшерүүдө

Баткенде мобилдик клиника кыз-келиндердин ден-соолугун текшерүүдө.   Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 12-октябрга чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УЗИ адисин камтыган мобилдик клиника Лейлек районунда кыздар менен аялдардын ден соолугун текшерип, акысыз кеңеш берип жатат. 13-октябрдан 21-октябрга чейин мобилдик клиника Баткен районун кыдырат.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Бишкекте Аламүдүн дарыясын тазалоо жүрүүдө

Бишкекте Аламүдүн дарыясын тазалоо жүрүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер анын Куттубаев-Каралаев тилкесинде аткарылып жатат. Иштерге                  3 даана атайын техника тартылды.   Бул дарыянын жанында жайгашкан үйлөрдү коопсуздук менен камсыздоого багытталган иш-чара. Андан кийин Аламүдүн дарыясынын Көк-Жар конушуна… Кененирээк…