“Аватар. Суу жолу”  тасмасы дүйнөлүк прокатта 850 миллион доллар чогултту

“Аватар. Суу жолу”  тасмасы дүйнөлүк прокатта 850 миллион доллар чогултту. Бул болгону 10 күндүн жыйынтыгы. Муну менен тасма жыл башынан берки эң кирешелүү кинолордун ичинен бешинчи орунду ээледи.   Каражаттын басымдуу бөлүгү АКШда чогулган. Андан кийин тасма Кытайда, Кореяда, Францияда, Индияда жана Германияда жогорку популярдуулукка… Кененирээк…

Россия Кыргызстанда “Паспорттук-визалык  сервис” бөлүмдөрүн ачат

Россия Кыргызстанда “Паспорттук-визалык  сервис” бөлүмдөрүн ачат.   Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Филиалдарды ачуу кыргызстандыктарга биздин өлкө аймагынан эле медициналык кароодон жана башка процедуралардан өтүүгө шарт түзүп берет.   Россия бийлиги менен тиешелүү макулдашуу Эмгек министринин Москвага иш сапарынын алкагында жетишилди.

АКШда ызгаардан жана бороондон 50гө чукул киши каза тапты

АКШда ызгаардан жана бороондон 50гө чукул киши каза тапты. NBC News телеканалы маалымдагандай, миллиондогон кишиге аба ырайынын кескин бузулушуна байланышкан тобокелдиктер тууралуу эскертүү берилди. Бир нече киши машинесинде тоңуп калды, кар күрткүсү же муз астында калгандар бар. Бороондон улам өз убагында медициналык жардам ала албагандар… Кененирээк…

Бишкекте 6 миңден ашык керектөөчү электр жарыгы жок калышы мүмкүн

Бишкекте 6 миңден ашык керектөөчү электр жарыгы жок калышы мүмкүн. Ордо калаа электр тармактары компаниясынан билдиришкендей, жарык үчүн карызы бар абоненттер 28-декабрдан тарта аралыктан өчүрүлүп баштайт.   Майрамдардын алдында ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга эртелеп төлөө сунушталат. Муну банк кассаларынан, төлөм терминалдарынан жана почта бөлүмдөрүнөн жүргүзсө… Кененирээк…

Кыргызстанда соңку жума ичинде сасык тумоо көрсөткүчү азайганы байкалууда

Кыргызстанда соңку жума ичинде сасык тумоо көрсөткүчү азайганы байкалууда.  Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришкендей,  апта аралыгында 32 миң 756 бейтап катталды.   Бул ага чейинки жумага салыштырмалуу, 11 миңге, же 17 пайызга аз.  Ооруп жаткандардын 64 пайызы 14кө чыга элек жаш… Кененирээк…

Килиан Мбаппе кайрадан планетанын эң кымбат футболчусу

Франция курамасынын жана ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе кайрадан планетанын эң кымбат футболчусу. Анын баасы 160 миллиондон 180 миллион еврого көтөрүлдү.   23 жаштагы форвард дүйнө чемпионатынан кийин кайрадан кымбат оюнчу аталды. Экинчи орунга “Манчестер Ситинин” чабуулчусу Эрлинг Холанд түштү. Анын учурдагы баасы 170 миллион евро.… Кененирээк…

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу жүрүп жатат

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу жүрүп жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи тур 28-декабрга чейин уланат.   Учурга карата 40тан ашык талон берилди, алардын басымдуусу Улуттук университетке, Арабаев атындагы университетке жана Ош мамлекеттик университетине багытталган.   Эске салсак, кышкы кабыл алуу 4… Кененирээк…

Бишкекте 4 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот

Бишкекте 4 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот. Мэрия маалыматына ылайык, алардын ар бирине 500дөн машине батат.   Бул шаар көчөлөрүн унаалардан бир аз бошотуп, машинелер чыгарган түтүндүн деңгээлин азайтат деп пландалууда.   Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми менен ишке ашат. Анын алкагында курулушту жеке… Кененирээк…

Министрлер кабинетинин санарип документтерге юридикалык күч берүү чечими 30-декабрда күчүнө кирет

Министрлер кабинетинин санарип документтерге юридикалык күч берүү чечими 30-декабрда күчүнө кирет.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандыктар “Түндүк” уюлдук тиркемесинин жардамы менен документтерин электрондук форматта мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына, кызматтык, юридикалык жана физикалык жактарга көрсөтө алат. Учурга карата тиркемеде паспорт, айдоочу… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-январдан тарта оюн автоматтары менен бардык кумар оюндары бир гана мыйзамдуу казинолордо болушу керек

Кыргызстанда 1-январдан тарта оюн автоматтары менен бардык кумар оюндары бир гана мыйзамдуу казинолордо болушу керек. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Документке ылайык, оюн автоматтарын соода борборлорунда, компьютердик клубдарда жана сыртта орнотууга тыюу салынат. Ошондой эле, лицензиясы жок тотализаторлордун жана букмекер контораларынын ишмердүүлүгүнө… Кененирээк…