Бишкекте 20 каттамдын кыймыл схемасы өзгөртүлдү

Бишкекте 20 каттамдын кыймыл схемасы өзгөртүлдү. Мэриядан маалым болгондой, эртеңден тарта ордо калаанын Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө Абдарахманов көчөсүнөн 400дөн ашык кичи автобус кыймылы толугу менен альтернативдүү көчөлөргө багытталат.   Мындай иш-чаралар Бишкектин көчөлөрүндө маршруттук схемаларды оптималдаштырууга жана тыгындарды жоюуга багытталган.

Кыргызстандын түштүгүндө эки RestPoint ачылды

Кыргызстандын түштүгүндө эки RestPoint ачылды. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, алардын бири Өзгөн мунарасынын жанында жайгашкан. Ал эми экинчиси Сузак районунун Барпы айылында ачылды.   Муну менен түштүктө төрт эс алуу борбору бар. Буга чейин Кара-Көл жана Жалал-Абад шаарларында ачылган.

Баткенде өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясынын имараты пайдаланууга берилди

Баткенде өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясынын имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Лаборатория аймакта зыянкечтерди, илдеттерди жана отоо чөптөрдү аныктоо жана алдын алуу максатында курулган. Ошондой эле экспортко чыгуучу айыл чарба продукцияларына лабороториялык изилдөө жүргүзөт.   Буга чейин бул иштер Ош облусунда жүргүзүлүп… Кененирээк…

Бишкекте №16 китепкананын жаңыланган имараты пайдаланууга берилди

,bkb Бишкек шаарындагы №16 китепкананын жаңыланган имаратынын ачылыш аземи өттү. Парламенттен билдиришкендей, аталган китепкана борбор калаадагы Б. Алымов атындагы №39 мектеп-гимназиясынын эски корпусунда ачылды.   Имаратты оңдоо иштерине Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан каражат бөлүнүп берилген. Жаңыланган китепканада 18 миңден ашык китеп фонду бар.

Кыргызстанда ипотека аркылуу турак жай алуу үчүн 19 миңдей адам кезекте турат

Кыргызстанда ипотека аркылуу турак жай алуу үчүн 19 миңдей адам кезекте турат. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күнгө МИК тарабынан дээрлик 16 млрд сомго 9 миңден ашык насыя берилди. Учурда кезекте 18 миң 966 жаран турат.  … Кененирээк…

Эми республикада курулуп жаткан бардык объектилерди картадан көрүүгө болот

Эми республикада курулуп жаткан бардык объектилерди картадан көрүүгө болот. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.   Анын айтымында, ведомство санариптештирүү багытында эки долбоорду ишке ашырды. Ага ылайык, агенттиктин сайтынан кайсы курулуш компанияларынын лицензиясы бар экенин жана аны… Кененирээк…

Бишкек Жылуулук электр борборундагы калыбына келтирүү жумуштары аяктады

Бишкек Жылуулук электр борборундагы калыбына келтирүү жумуштары аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, ЖЭБдин ичиндеги жарылуудан аккан сууларды сордуруу, курулуш калдыктарынан тазалоо жана имаратты жылуулоо иштери жүрдү. Мындан сырткары, атайын даярдыктагы куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен ЖЭБ чатырын оңдоп-түзөө жана жабуу… Кененирээк…

ТалМУда корей тилин акысыз окутуу курсу ачылат

Талас мамлекеттик университетинде корей тилин бекер окутуу курсу ачылат. Бул тууралуу Талас мэриясынан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, Седжонг Сокулук институнун директору Сон Квон Сук иш сапары менен Талас шаарына келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.   Анда Талас мамлекеттик университетине жаңыдан ачылып жаткан корей тилин… Кененирээк…

Роналду өткөн жылы дүйнөдөгү эң көп маяна алган спортчу болуп калды

Криштиану Роналду өткөн жылы дүйнөдөгү эң көп маяна алган спортчу болуп калды. Футболчу 275 миллион доллар киреше тапкан.   Экинчи орунду испаниялык гольф оюнчусу Джон Рам ээледи. Анын кирешеси 203 миллион долларды түзгөн.   Ал эми үчүнчү орунда 130 миллион доллар менен Лионель Месси турат.

Кыргызстандын 26 миңден ашуун жараны Улуу Британияга сезондук жумушка баруу үчүн арыз берди

Кыргызстандын 26 миңден ашуун жараны Улуу Британияга сезондук жумушка баруу үчүн арыз берди. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, мындай сандагы адамдар 7 сааттын ичинде эле катталган.   Алардын айрымдары оператор тарабынан тандоонун биринчи этабынан ийгиликтүү өттү. Бул форманы толтуруунун тууралыгын, электрондук почтанын болушун жана башка критерийлерди… Кененирээк…