Талас: «Беш-Таш» жаратылыш паркындагы селди жоюу иштери жүрүп жатат

Талас облусунда кечээ күндүзгү саат 4төрдө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Беш-Таш жаратылыш паркын сел каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги агын суу корукка үч жеринен киргенин билдирди. Ошондой эле Талас — Тараз жолунун 81-чакырымында, Кара-Суу айылындагы бөлүгүндө сел жүрүү коркунучу жаралып, анын алды алынды.   Учурда «Беш-Ташта»… Кененирээк…

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы этабы жүрүп жатат

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы этабы жүрүп жатат.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, тандоо “Абитуриент онлайн” маалымат системасы аркылуу жүргүзүлөт. Документтер эртеңкиге чейин кабыл алынат.   Эске салсак, буга чейинки үч турда 20 миңден ашык бүтүрүүчү ЖОЖдорго кабыл алынды.

Бишкекте 13 медициналык мекеме оңдолуп жатат

Бишкекте 13 медициналык мекеме оңдолуп жатат.   Мэриядан билдиришкендей, жумуштар негизинен №1 шаардык клиникалык оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, реабилитациялык борбордо жана ден соолук бөлүмүндө жүрүүдө.   Оңдоо иштери жыл аягына чейин бүтөт деп күтүлүүдө.

Калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 9,5 миллиард сомдон ашык бөлүндү

Жыл башынан бери калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 9,5 миллиард сомдон ашык бөлүндү. Каржы министрлигинен билдиришкендей, каражат аз камсыз үй-бүлөлөргө жөлөкпулдарга, социалдык пособиелерге, бала төрөлгөндө бир жолку төлөмгө, ритуалдык төлөмдөргө жумшалган.   Ошондой эле, акчанын бир бөлүгү жөлөк пулдун ордуна компенсацияга, жумушсуздарды кесиптик окутууга жана майыптыгы… Кененирээк…

Ош облусундагы 60тан ашуун мечит, медресенин иши токтоду

Ош облусундагы 60тан ашуун мечит, медресенин иши токтоду.   УКМКдан билдиришкендей, “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын” ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында Оштогу диний жайлардын ишмердиги текшерилди. Ага ылайык, айрым мечит-медреселердин башаламан жайгашуусу, архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбаганы, медреселердеги билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын жоктугу… Кененирээк…

Кыргызстанда эки жаңы ишкана ачылат

Кыргызстанда эки жаңы ишкана ачылат. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, сентябрда ишке кире турган заводдун бири «Кыргыз бетон курулуш», экинчиси «Кыргыз топчу» деп аталат.   Өндүрүшкө заманбап жабдуулар Италиядан алынып келинет.   Завод ишке кирсе, жергиликтүү суроо-талапты гана камсыздабастан, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт деп… Кененирээк…

Түптөгү айылдарды селден кийин тазалоо иштери уланууда

Түп районунун бир катар айылдарында 7-августтагы селден кийин тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы маалыматына караганда, Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарында сел суулары 92 үйдү, ошондой эле короолорду, жер төлөлөрдү, жолдорду жана айдоо аянттарын каптаган.   Кырсык болгон жерде 100дөн ашык куткаруучу, жергиликтүү тургундар,… Кененирээк…

Ысык-Көлдө Айтматовдун 95 жылдыгына арналган жаштар форуму өтөт

Ысык-Көлдө Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган жаштар форуму өтөт.   Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Чолпон-Атада 10-11-август күндөрү болот.   Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттар, көрүнүктүү жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Рубль сомго карата арзандап жатат

Рубль сомго карата арзандап жатат.   Кыргызстандын Улуттук банкы орус рублинин баасын мурдагы курска караганда 1,4%га төмөндөттү. Расмий курска ылайык, 1 рубль 92 тыйынга барабар болуп калды.   Акча алмаштыруучу жайлар болсо рублди 89-90 тыйындан алып, 93-94 тыйындан сатышууда.   Орус валютасынын курсу жыл башынан… Кененирээк…

Кыргызстанда 12 миң 465 бош жумушчу орун бар

Кыргызстанда 12 миң 465 бош жумушчу орун бар. Бул тууралуу «Азаттыкка» Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 99 миң 100 адамды түзөт. Андан тышкары расмий катталган жумушсуздардын саны 74 миңден ашык. Бир… Кененирээк…