Мурдагы Эмгек министри жаңы кызматка дайындалды

Мурдагы Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.   Тиешелүү жарлыкка президент кол койду. Ал эми ведомствонун буга чейинки жетекчиси Улан Карыпбеков ээлеген кызматынан бошотулду.

Бүгүнтөн тарта транспорт каражатын онлайн каттоо башталды

Бүгүнтөн тарта транспорт каражатын онлайн түрдө кайра каттоо башталып, сынамык долбоор ишке кирди.   Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Онлайн кайра каттоо үчүн “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө машинени фото-видео кароодон өткөрүү керек, визуалдык текшерүүнүн маалыматтары базада 30 күн сакталат.   Ээсинде айып жок болсо… Кененирээк…

Кыргызстанда турак-жай бир аз жеткиликтүү болуп калды

Кыргызстанда турак-жай бир аз жеткиликтүү болуп калды. Мындай маалымат Улуттук банктын индексинде айтылат.   Соңку эсептөөлөргө ылайык, 2022-жылы айына 51 миң 400 сом кирешеси бар үй-бүлө 54 чарчы метрлик эки бөлмөлүү үйгө 9,5 жылдан ашык акча чогултушу керек.   Ал эми 2021-жылы бул көрсөткүч 11… Кененирээк…

Израилде биринчи жолу учуучу такси пайда болду

Израилде биринчи жолу учуучу такси пайда болду.   Чоң дронго окшош аппарат Иерусалимдин ооруканаларынын бирине препараттарды жана бейтаптарды ыкчам жеткирүү максатында жасалган. Ал 250 килограммга чейинки жүк менен 30 чакырым жүрө алат.   Иштеп чыгуучулардын пикиринде, мындай учуучу аппараттын ыкчам медицинада жардамы чоң болот жана… Кененирээк…

Бишкекте алдыдагы ишембиде футбол боюнча Кыргызстан Кубогунун финалы өтөт

Бишкекте алдыдагы ишембиде футбол боюнча Кыргызстан Кубогунун финалы өтөт.   Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8де башталат. Башкы кубок үчүн азыркы чемпион “Абдыш-Ата” менен премьер-лиганын дебютанты “Мурас Юнайтед” топ талашат.   Белгилеп кетсек, бул өлкөнүн 32-чи кубогу. Ал эми “Абдыш-Ата” анын беш жолку… Кененирээк…

“Каркыра унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жарандарды кароо үчүн техника кийинки жылы орнотулат

“Каркыра унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жарандарды кароо үчүн техника кийинки жылы орнотулат. Чек ара кызматынан билдиришкендей, жалпысынан 3 түйүндө толук жаңылоо иштери пландалган, анын ичинде “Каркыра” дагы бар.   Объектилер заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалат. Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда аталган пунктта тартылган видео… Кененирээк…

Айрым автобустарда накталай эмес төлөм кабыл алуу үчүн валидаторлор орнотула элек

Айрым автобустарда накталай эмес төлөм кабыл алуу үчүн валидаторлор орнотула элек. Бул тууралуу 24 агенттигине Бишкек автотранспорт ишканасынын бөлүм башчысы Сатыбалды Хакимов билдирди.   Анын айтымында, автобустар өлкөгө жеткирилген учурда жабдуулар калбай калган. Бирок ордо калаадагы жүргүнчүлөрдүн саны кескин өскөнүн эске алып, автобустарды накталай төлөм… Кененирээк…

Министрлер кабинети айрым товарлардын баасын мамлекет тарабынан жөнгө салууну киргизет

Министрлер кабинети айрым товарлардын баасын мамлекет тарабынан жөнгө салууну киргизет. Тизмеге ун, нан, сүт, өсүмдүк майы, сары май, эт, кумшекер, күрүч, көмүр, бензин жана башкалар кирди.   Улуттук статистика комитетине аталган товарлардын баасы кымбаттап баштаганы байкалса, Экономика министрлигине билдирип туруу тапшырмасы берилди. Бааны жөнгө салуу… Кененирээк…

Тоолуу райондордо сел жүрөт

Тоолуу райондордо сел жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.   Маалыматта 15-16-сентябрдагы туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн деп айтылат.

Садыр Жапаров иш сапары менен Душанбеге кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.   Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында төмөнкүлөр кирет: министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев; тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;… Кененирээк…