Ордо калаада 3 көчө унаа кыймылына ачылат
Ордо калаада 3 көчө унаа кыймылына ачылат. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп Менделеев жана Кажы-Сай тар көчөлөрү жана Эне-Сай көчөсү тууралуу болуп жатат. Бул тилкелерде жол катмары жаңыртылды. Алдыңкы күндөрү жол чийиндери түшүрүлүп, белгилер орнотулат. Андан тышкары, Алай жана Балыкчы тар көчөлөрүн калыбына келтирүү пландалууда.