Бишкекте жылытуу жана муздатуу системасы менен жабык аялдама пайда болот
Бишкекте жылытуу жана муздатуу системасы менен жабык аялдама пайда болот. Мэриянын маалыматына ылайык, объект Абдрахманов – Киев көчөлөр кесилишинде орун алат. Бул жерде Wi-Fi, пандустар жана видео байкоо камералары орнотулат. Долбоорду Биринчи май райондук администрациясы демөөрчүлөр менен биргеликте ишке ашырууда.