Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды
Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн түшкү саат 2де болуп, очогунда күчү 3 баллга жетти. Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга, Барскоон, Тосор айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.