Электрондук кезек аркылуу биринчи класска 52 миң бала катталды

Электрондук кезек аркылуу биринчи класска 52 миң бала катталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Бишкекте учурга карата 5 мектепте орун калган жок.   Алар — №26, 70, 29, 20 жана 13-мектептер. Эске салсак, электрондук каттоо   8-апрелде башталган. Ал эки этап менен жүргүзүлөт, биринчиси 2-июнга чейин жашаган… Кененирээк…

Ош-Баткен-Раззаков жолу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди

Ош-Баткен-Раззаков жолу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, трассанын  265-чакырым аралыгында  нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп,  каттам бир тараптуу жабык.   Учурда  жеринде жолчулар тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Баткен облусунда бензинди өндүрүү боюнча ири завод курулуп жатат

Баткен облусунда бензинди өндүрүү боюнча ири завод курулуп жатат. Бул тууралуу Кабар агенттиги президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнө шилтеме келтирип билдирет.   Объект Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында пайда болот. Заводдо 92- жана 95-үлгүдөгү бензин, дизелдик отун, битум, газ жана унаа үчүн май өндүрүү пландалууда. Ишкана күнүнө 500… Кененирээк…

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Бишкекке келди

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон 22-апрелде Бишкекке келди. «Манас» эл аралык аэропортунда аны тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов тосуп алды. Британ Тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон визит учурунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугат.… Кененирээк…

Чүй облусунун Военно-Антоновка айылында жаңы мектеп курулат

Чүй облусунун Военно-Антоновка айылында жаңы мектеп курулат. Тендерди аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Имарат 700 окуучуга чакталат.   Долбоордун сметалык баасы 70 миллион сомду түзөт.

Бишкекке жыл аягында дагы 100 жаңы автобус жеткирилет

Бишкекке жыл аягында дагы 100 жаңы автобус жеткирилет.   Бул тууралуу парламент отурумунда вице-мэр Мирлан Байгончоков билдирди. Анын айтымында, коомдук транспортту сатып алууга жалпысынан 12 миллион евро бөлүнгөн.   Чиновник белгилегендей, акырындап ордо калаанын борбордук бөлүгү толугу менен маршруттук таксилерден бошотулуп, жаңы автобустук линиялар пайда… Кененирээк…

Чүй облусунда “Социалдык келишим” долбоорунун ар бир төртүнчү катышуучусу тигүү өндүрүшүн ачты

Чүй облусунда “Социалдык келишим” долбоорунун ар бир төртүнчү катышуучусу тигүү өндүрүшүн ачты.   Мамлекет тарабынан 100 миң сомдон алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бизнес-долбоорлорун ишке ашырууга жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, эки жыл ичинде 144 тигүү цехи ачылып, дал ушул багыт ийгиликтүү деп табылды.   Андан тышкары,… Кененирээк…

Кыргызстанда өткөн жылы профилактикалык эмдөөдөн 20 минден ашык ата-эне баш тартты

Кыргызстанда өткөн жылы профилактикалык эмдөөдөн 20 минден ашык ата-эне баш тартты. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Анын айтымында, баш тарткандардын  43 пайызы диний себептерден болсо, 48 пайызы препараттардын коопсуздугуна шек шанаган, дагы 10 пайыз миграцияга жана башка себептерге байланыштуу.  … Кененирээк…

Ош облусунда суу каптаган короо-жайлардын саны 100гө жетти

Ош облусунда суу каптаган короо-жайлардын саны 100гө жетти. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, нөшөрлөгөн жаандан кийин Кара-Кулжа, Алай, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда сел жүргөн.   Жыйынтыгында 10 унааны суу агызып, 1 адам каза тапты. Облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, жеринде куткаруучулар тарабынан калыбына келтирүү иштери жүрүп… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги эскертет. Маалыматка ылайык, эми калк үчүн бир киловатт-саат 11 тыйынга кымбаттап, 1 сом 11 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан жогору колдонулган учурда 2 сом 39 тыйын болот.   Аз камсыздандырылган үй-бүлөлөр үчүн 5 тыйынга кымбаттап, 55… Кененирээк…