Улуу Британияда сейрек кездешүүчү мышык табылды

Улуу Британияда сейрек кездешүүчү мышык табылды. Анын эки мурду бар.   Ветеринарлар бактыга жараша бул өзгөчөлүк мышыкка эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт деп белгилешти.   Дарыгерлер кош мурунду жатын ичиндеги өнүгүүдөн улам пайда болгон тубаса кемтик деп эсептешет.

Мамлекеттик салык кызматы мунай заттарына көзөмөлдү күчөтүүнү көздөөдө

Мамлекеттик салык кызматы мунай заттарына көзөмөлдү күчөтүүнү көздөөдө. Мунун негизги куралы молекулярдык маркерди колдонуу менен күйүүчү майды маркалоо системасы болот.   Мындай маркерлерди көчүрүү же жок кылуу мүмкүн эместиги белгиленген. Бул аларды контрабандага жана күйүүчү майдын сапатынын бузулушуна каршы күрөшүүдө идеалдуу куралга айландырат.   Долбоордун… Кененирээк…

Орус драма театрынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкектеги орус драма театрында чыккан өрт саат 14:57де чектөөгө алынып, саат 16:42де толугу менен өчүрүлдү.   ӨКМден билдиришкендей, Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан театрдан өрт чыккан.   Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам тобу, ИИМден 4 экипаж… Кененирээк…

Бишкекте велосезондун жабылышы болот

Бишкекте велосезондун жабылышы болот. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 29-октябрда саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы сейил бакта старт алат.   Спорттук саамалыкты Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти менен коомдук бирикме уюштурууда.

Келерки жылы мектеп китептери боюнча маселе болбойт

Келерки жылы мектеп китептери боюнча маселе болбойт. Буга Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева ишендирүүдө.   Анын айтымында, токтом кабыл алынган, ага ылайык бирдиктүү окуу материалдары бир басмаканада жасалат. Муну менен бир предмет боюнча окуу куралдары ар башка авторлор тарабынан чыгарылбайт.   Белгилеп кетсек, быйылкы окуу… Кененирээк…

Кыргызстандын түндүгүндө жер титиреди

Кыргызстандын түндүгүндө жер титиреди.   Бишкектин тургундары силкинүүнү саат 13:35 чамасында сезишти.   Ордо калаада жер титирөөнүн күчү 3 баллдан ашкан. Очогу Милянфан айылына жакын жерде болуп, күчү 4,3 баллды түздү.   Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргызстандын Эл аралык резервинде 51 тоннадан ашык алтын сакталып турат

Кыргызстандын Эл аралык резервде сакталып турган алтын кору 51 тоннадан ашык. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги фракция жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов билдирди.   Ал алтын өлкөнүн башкы каржы мекемесинин эсебинде экенин, аны кыргыз өкмөтү колдоно албай турганын айтты. Ал эми айрым эл… Кененирээк…

Мессинин АКШдагы жылдык маянасы 20 млн 400 миң долларды түзөт

Футболчу Лионель Мессинин АКШдагы жылдык маянасы 20 миллион 400 миң долларды түзөт. Бул сумма чабуулчунун негизги эмгек акысын, ошондой эле кол коюу төлөмдөрүн жана бонустарды камтыйт. Бул сандар Жогорку футбол лигасы үчүн рекорд экени белгиленет.   Эске салсак, Месси ушул жылдын июль айынан бери америкалык… Кененирээк…

Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол белгилери өзгөртүлөт

Бишкектин Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол белгилери өзгөртүлөт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, батыштан чыгышка карай тилкелер боюнча кыймыл багыттарын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Жакын арада белгилер алмаштырылгандан кийин, экинчи тилкеден оңго бурулууга мүмкүнчүлүк болот.   Мындай чара жол кыймылын жакшыртуу максатын көздөйт.

Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылынын тургуну Рысбек Мусабаев айыл мектебине 500 окуу китебин тапшырды

Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылынын тургуну Рысбек Мусабаев айыл мектебине 500 окуу китебин тапшырды. Ал бул максатта 60 жылдыгын белгилөөгө чогултуп жүргөн 450 миң сомун жумшады.   Ошондой эле Мусабаев мектепке зарыл эмеректерди жана техника сатып берди. Айыл тургунунун демилгеси менен мектепте эми салттуу коңгуроо… Кененирээк…