Президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү Жамалдинов эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү, экс-депутат Зиядин Жамалдинов 2026-жылдын 10-июнуна чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1) камакка алынды. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастап, Жамалдиновдун бөгөт чарасы 15-апрелде каралганын билдирди. Президенттин облустагы мурдагы… Кененирээк…

Бишкекте окуучу бала терракт уюштурууга шектелип кармалды

Бишкекте окуучу бала терракт уюштурууга шектелип кармалды.   Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, ал мугалимдерге жана башка окуучуларга кол салуу жөнүндө изилдеп жүргөн. Аталган факты боюнча “Террордук акт жасоо коркунучу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал иликтенүүдө.   Атайын кызмат ата-энелерди… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) саламаттык сактоо министринин орун басары С.Р. С. мыйзамга каршы аракеттерге шектелип кармалганын билдирди. Бул тууралуу маалымат мекеменин социалдык тармактардагы баракчаларына 20-февралдын кечинде жарыяланды. Мекеменин билдирүүсүндөгү инициалдар саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп иштеп келген Сыдыгалиев Рыспек Сулкайдаровичтин аты-жөнүнө туура келет.… Кененирээк…

Бишкек мэриясынын кызматкери 1 млн. сом пара менен кармалды

«Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын кызматкери 1 миллион сом пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди. Муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери тендердик кызматтардын наркынын 10 пайызын системалуу түрдө талап кылган. Тергөөнүн жыйынтыгында А.К.Ш. аттуу кызматкер пара алып жатканда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кызмат абалынан пайдаланган Чүй районунун акими кармалды

Кум-шагыл аралашмаларын казып алууга күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Чүй районунун акими кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Тактап айтканда, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Т.Р.Т. 0,1 гектардан ашпаган аянттагы дарыянын нугунан кум-шагыл аралашмасын казып алууга лицензия берүүгө уруксат берген, бирок иш жүзүндө 20 гектар жер участогун… Кененирээк…

Уюшма кылмыштын «эскирүү мөөнөтү» нормасын колдонбоо сунушталды

Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» жана «Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу» беренелеринде каралган кылмыштар жасалган учурда эскирүү мөөнөтүн колдонбоо сунушталууда. Муну менен Президенттик администрация уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, ал коомдук талкууга чыгарылды. Документте акыркы жылдары коррупцияны, баңги заттарын сатууну,… Кененирээк…

Токмоктун мурдагы мэри коррупцияга айыпталып, 13 жылга кесилди

Коррупциялык иштерге айыпталган Токмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиев 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Октябрь райондук соту билдирди. Маалыматка караганда, анын кол алдындагы кызматкерлери менен подрядчы компаниянын жетекчисин дагы камакка алуу чечими чыгарылган. Алар төмөнкү беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды: Максат Нусувалиев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин… Кененирээк…

Нарында жол салган ишкананын жетекчиси менен министрдин орун басары кармалды

Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн асфальттоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча транспорт жана коммуникация министринин орун басары Талантбек Солтобаев жана «Бета групп» подрядчы ишкананын аткаруучу директору Мирлан Амантуров кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта аларга «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» фактысы менен иш козголгону айтылат.… Кененирээк…

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев камалды

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 16-июлда Бишкектеги Тунгуч кичи районуна барган маалда шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев камакка алынды. Анда Ташиев тургундар менен жолугуп, райондун айрым көйгөйлөрүн укту. Атайын кызматтын төрагасы Ырсалиев Тунгучтагы муниципалдык жердеги объектилери бар экенин айтып, алты жылдан бери алардын ижара… Кененирээк…

Шопоков шаарынын мэри коррупцияга шек саналып кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитети (УКМК) тарабынан Шопоков шаардык мэриясынын кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголгон, ага ылайык шаар мэри жана мэриянын башкы адиси кармалды. Мекеменин басма сөз кызматы 4-июлда кабарлагандай, алар коррупциялык аракеттери менен мамлекетке 9 млн сомдук зыян келтирүүгө шек саналууда. «Шопоков мэриясы… Кененирээк…