Баткен облусунун Раззаков шаарында мал базар курулат

Баткен облусунун Раззаков шаарында мал базар курулат. Тендерди мэрия алдындагы муниципалдык мүлк департаменти жарыялады.   Долбоорго 11 миллион сом багытталат деп пландалууда.   Бул суммага аткаруучу компания аянтты пландаштырып, айланасын тосуп, скважина бургулоо иштерин жүргүзүп, электр линияларын өткөрөт. Ошондой эле, мал базарга кире бериш жолдун… Кененирээк…

Кургакчылык жана аптаптуу ысыктан улам быйыл эгин аз жыйналды

Кургакчылык жана аптаптуу ысыктан улам быйыл эгин аз жыйналды.   Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, түшүм 394 миң гектардан жыйналган, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу эки пайызга аз.   Ысыктан улам буудай түшүмүнүн көлөмү 29,7 пайызга кыскарса, арпаныкы 43,6 пайызга азайган. Ал эми картошканын түшүмү… Кененирээк…

Кытайда кийиминде 20 экзотикалык жаныбарды өткөрүүгө аракет кылган аял кармалды

Кытайда кийиминде 20 экзотикалык жаныбарды өткөрүүгө аракет кылган аял кармалды. Контрабандалык “жүктө” 9 жылан, 6 кобра, 4 жөргөмүш жана бир кескелдирик болгон.   Бажы кызматкерлери аялдын кийимине жана анын кызыктай басканына шек санашкан. Текшерүүдө аялдын чөнтөктөрүнөн жана кийиминин ичинен жаныбарлар чыкты. Белгилеп кетсек, Кытайда жаныбарларды… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция. Эми колдонуучулар башка тиркемелердин колдонуучулары түздөн түз баарлаша алат. Азырынча жаңычылдык кандай тартипте иштей турганы белгисиз.   Бирок жазышуудагы маалымат үч деңгээлдүү сыр менен сактала турганы айтылууда.

Өлкөдө майыптуулукту каттоо боюнча процедура жеңилдетилди

Өлкөдө майыптуулукту каттоо боюнча процедура жеңилдетилди. Novosti.kgге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул максатта ведомство “Өкмөттүк акселераторлор” долбооруна кошулду.   Анын алкагында жарандарга майыптуулукту тастыктоо жана каттоо үчүн бир эле документ керектелет. Ал эми буга чейин 11 ар кандай маалымкат чогултуу керек болчу.… Кененирээк…

Кыргызстанда 4 ири ирригациялык система калыбына келтирилет

Кыргызстанда 4 ири ирригациялык система калыбына келтирилет. Суу ресурстары мамлекеттик кызматы “Кыргызстандын суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу” долбоорун ишке ашырууда.   Анын алкагында Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы каналдар реконструкцияланат. Долбоорго Азиялык өнүктүрүү банкы тарабынан 43,5 миллион доллар бөлүнгөн.

Кызамыкка каршы вакцина алып келинди

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы алып келинди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кызылча-кызамык вакцинасы —  аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган.   Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр — инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу 3 күндөн көп… Кененирээк…

Президент бир катар тармактын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.   Анда мамлекеттик кызмат, медицина, билим берүү, маданият, адабият, токой чарбасы, коопсуздук, ойлоп табуучулук тармактарында «Эл артисти», «Эл сүрөтчүсү», «Эл акыны» ардактуу наамдарын, «Даңк» медалын… Кененирээк…

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктарды чет мамлекеттерде ишке орноштуруу боюнча иштерди жүргүзүүсүн улантууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктарды чет мамлекеттерде ишке орноштуруу боюнча иштерди жүргүзүүсүн улантууда. Бизге ведомстводон билдиришкендей, кеп расмий келишим аркылуу Венгрия, Түштүк Корея, Япония, Түркия өлкөлөрүнө жарандарды жөнөтүү тууралуу болуп жатат.   Бул мамлекеттерде 2 түрдүү жумуш сунушталат – туруктуу жана убактылуу.  … Кененирээк…

Чүй облусунун Садовое айылынын тургундары таза суу менен камсыздалат

Чүй облусунун Садовое айылынын тургундары таза суу менен камсыздалат. Калк жашаган түйүндө учурда суу дарбазасын куруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле суу түтүктөрүн кошуу боюнча жумуштар аткарылууда.   Долбоорго 1 миллион сомдон ашык бөлүнгөн. Каражат жергиликтүү бюджеттен багытталды.