“Барселона” футбол клубу оюнчулардын трансфери үчүн 200 миллион евро карыз

“Барселона” футбол клубу оюнчулардын трансфери үчүн 200 миллион евро карыз. Каталондуктардын бересеси “Лидс”, “Бавария” жана “Манчестер Сити” клубарынын алдында.   Карыздар белгиленген мөөнөттө кайтарылбаса, клубдар “Барсаны” сотко бериши дагы мүмкүн. Бул өз кезегинде каталондуктарга трансфердик рынокко чыгып, жаңы футболчуларды каттоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакча курулууда

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакча курулууда.   Мэрия маалыматына ылайык, бул жерде уктоочу, оюн бөлмөлөрү, ашкана, медициналык кабинет, музыкалык жана гимнастикалык залдар, техникалык жайлар каралат.   Учурда объекттин дубалдары көтөрүлүп, айланасы тосулуп жатат. Жакынкы арада тышкы инженердик тармактарды өткөрүү иштери жүргүзүлөт.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкүдөн коргоочу эки станция ачылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкүдөн коргоочу эки станция ачылды.   Объектилер Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Япония өкмөтү жана БУУнун өнүктүрүү програмасынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында ачылды.   “Чаткал” жана “Чапчыма” станциялары бардык зарыл жабдуулар менен камсыздалган. Ал адистерге кар көчкү коркунучуна мониторинг жүргүзүүгө жардам берет.

Россиялык компания Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну пландап жатат

Россиялык компания Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну пландап жатат.   Бүгүн “НоваВинд” компаниясынын башчысы Григорий Назаров менен кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков Ысык-Көл облусунда шамал электр станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгып, аны ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюшту.   Белгилеп кетсек, Жалал-Абадда… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым көчөлөрү эртең унаа кыймылына чектелет

Бишкек жана Чүйдүн айрым көчөлөрү эртең унаа кыймылына чектелет.   КМШ саммитине байланыштуу, 12-13-октябрда “Манас” аэропорту – Бишкек жолу, Манас, Чүй, Жибек Жолу проспектилери, Фучик, Абдрахманов көчөлөрү маал маалы менен тосулат.   Ошондой эле чектөөлөр “Кант” авиа базасына барчу жолдо киргизилет. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялар пайда болот

Бишкек – Ош унаа жолунда электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялар пайда болот.   Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, бул максатта жеке компанияларды өнөктөштүккө тартуу пландалууда.   Күтүлгөндөй, станциялар кийинки жылы пайда болот. Белгилеп кетсек, өлкөдө электр унаалары үчүн салыктык… Кененирээк…

Жыл аягына чейин Бишкекке дагы 250 жаңы автобус жеткирилет

Жыл аягына чейин Бишкекке дагы 250 жаңы автобус жеткирилет. Бул тууралуу “Жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ренат Султанмамытов билдирди.   “Кытай республикасы менен келишим түзүлүп, газомотордук автобустар, алар экологияга аз зыян келтирет. Ошондой автобустардын миңин алып келип, азыркы маалда 250 автобус келди. Дагы жылдын аягына… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга Россиянын ЖОЖдорунда окуу үчүн 1 миң квота бөлүнөт

2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстанга өлкөнүн жаш жарандарын Россиянын ЖОЖдорунда окутуу үчүн 1 миң максаттуу квота бөлүнөт. Бул тууралуу кыргыз-орус аймактар аралык X мааракелик конференциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, квота Россия кызматташуусу аркылуу бөлүнүүдө.   Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, эки өлкөнүн билим… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Россиянын достук паркы курулат

Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Россиянын достук паркы курулат.   Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн курулушка старт берген капсула салынып, алгачкы бак-дарактардын көчөттөрү тигилди.   Паркта веложолчо, балдар аянтчасы, спорт аянттары каралат. Курулуш иштерине 2 миллион доллар багытталат деп пландалууда.

Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү чечими кабыл алынды

Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү чечими кабыл алынды. Тагыраагы, Гонконг менен Макаонун резиденттери үчүн уруксат берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.   Анын айтымында, мындай чечимди элдик дипломатияны өнүктүрүү үчүн министрлер кабинети кабыл алды. АКШ, Улуу Британия жана Европа… Кененирээк…