Бүгүн жана эртең Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн  тилкеси унаа кыймылына чектелет

Бүгүн жана эртең Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн  тилкеси унаа кыймылына чектелет. Мэрия маалыматы боюнча, анын Бакаев көчөсү менен кесилишинде коллекторду куруу боюнча иштер аткарылат.   Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.

Учурга карата биринчи класска 150 миңден ашык бала кабыл алынды

Учурга карата биринчи класска 150 миңден ашык бала кабыл алынды.   Билим берүү министрлигинен белгилешкендей, электрондук кабыл алуу уланууда, андыктан, бул сан дагы өсүшү мүмкүн.   Эгер ата-энелер кандайдыр бир себептер менен баласын биринчи класска киргизе албай калса, анда алар райондук же шаардык билим берүү… Кененирээк…

Кыргызстанда айрым кесиптик окуу жайларда миграцияга даярдоо жана окутуу борборлору ачылат

Кыргызстанда айрым кесиптик окуу жайларда миграцияга даярдоо жана окутуу борборлору ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Жалпысынан 10 борбор ачуу пландалууда. Аларда кадрларды окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана башка кыска курстар уюштурулат. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө 1 миллиондон ашык кыргызстандык жаран… Кененирээк…

Маданият министрлигинин чечими менен Кыргызстанда Tik-Tok социалдык тармагы жабылат

Маданият министрлигинин чечими менен Кыргызстанда Tik-Tok социалдык тармагы жабылат.   Ведомство  мындай чечим кабыл алууга бир катар кайрылуулар негиз болгонун  жүйөгө келтирет.   Социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүлүп, анда TikTok платформасын колдонууда балдардын ден соолугуна, өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны… Кененирээк…

Алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпейт

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпей турганын билдирди. Министр 30-августта «Биринчи радиого» берген маегинде информатика, англис тили сабактарынан берген мугалимдер керек экенин, быйыл жогорку окуу жайлардын педагогикалык факультеттерине тапшыргандардын саны көбөйгөнүн айтты. «Быйыл педагогикалык адистикке 6400дөн ашуун бала тапшырса,… Кененирээк…

Сингапурда мышыктар үчүн дүйнөдөгү биринчи круиз пайда болду

Сингапурда мышыктар үчүн дүйнөдөгү биринчи круиз пайда болду. Эми мышык ээлери жаныбары менен мыкты саякатка бирге чыга алат. Кемеде мышыктар үчүн өзүнчө ыңгайлуу жайлар каралган.   Кичи саякат 2,5 саатка созулат. Мындай круиздерди уюштурган компаниядан белгилешкендей, мышыктар үчүн дагы, алардын ээлери үчүн дагы коопсуздук чаралары… Кененирээк…

Эртең Ош шаарында бир катар көчөлөр кыймылга жабылат

Эртең Ош шаарында бир катар көчөлөр кыймылга жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Тилеке Баатыр, Аматов, Мамыров, Заднепровский, Асранкулов, Пушкин жана Абдыразаков көчөлөрү тосулат.   Убактылуу чектөөлөр Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу.

Кыргызстанда кийинки элдик курултай 15-декабрга белгиленди

Кыргызстанда кийинки элдик курултай 15-декабрга белгиленди. Президент  Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Документтин негизинде жер-жерлерден 700 делегатты шайлоо, курултайдын өткөрүү регламентинин долбоорун даярдоо тапшырмасы берилди.   Өлкө башчы кабыл алган мыйзамга ылайык, Кыргызстанда биринчи курултай өткөн жылдын 25-26-ноябрында өткөн.

Жалал-Абадда жаңы проспект ачылды

Жалал-Абадда жаңы проспект ачылды. Көчөгө акын Түмөнбай Байзаковдун ысымы ыйгарылды. Жол катмарынын сапатын текшерүүгө өлкө башчы барганын маалымат каражаттары жазышууда.   Президенттин айтымында, алдыдагы жылдары Жалал-Абад шаары республиканын экинчи экономикалык борборуна айланат. Буга чейин бул максатта 2 миллиард сом бөлүнгөн. Кайра иштетүүчү ишканаларды, социалдык объектилерди… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспорт үчүн алгачкы өзүнчө тилке бөлүндү

Бишкекте коомдук транспорт үчүн алгачкы өзүнчө тилке бөлүндү. Мэриядан бидиришкендей, кеп Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатырдан Нуркамал Жетишкаева көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат.   Учурда адистер жол чийиндерин түшүрүп, белгилерди орнотууда. Иштер 1-сентябрга чейин жыйынтыкталат деп пландалууда.   Мэриядан белгилешкендей, өзүнчө тилке тыгындарды азайтуу жана… Кененирээк…