Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун дагы бир туру өтөт
Билим берүү министрлиги Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун дагы бир турун өткөрөт. Ведомстводон билдиришкендей, бешинчи айлампа 14-16-август күндөрү болот. ЖОЖдорго тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган системасы аркылуу жүргүзүлөт. Университеттерге тапшыргандардын тизмеси 21-августтан 23-августка чейин илинет.