Кыймылсыз жашоо образы ар кандай ооруларды пайда кылат

Кыймылсыз жашоо образы жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Бул тууралуу Калифорния университетинин окумуштуулары билдирди.   Ал эми дене тарбия көнүгүүлөрү оорунун ыктымалдыгын азайтат.   Окумуштуулар беш мүнөттүк машыгуу да жүрөккө жана кан тамырларга пайда алып келерин аныкташкан. Андыктан, жөө басуудан баш тартпоо керек.… Кененирээк…

Убактылуу эмгекке жарамсыздык санарип баракчасы юридикалык күчкө ээ

Кыргызстанда убактылуу эмгекке жарамсыздык санарип баракчасы юридикалык күчкө ээ. Токтомго Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.   Саламаттык сактоо министрлигине убактылуу баракчаны каттоо, узартуу жана берүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.   Мурда ооруп калгандыгы тууралуу тастыктама кагаз түрүндө берилип келген. Эми ал… Кененирээк…

Бишкектин мурдагы мэри Ысык-Көлгө губернатор болду

Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.   Абдыкадыров ордо калааны 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын октябрына чейин башкарган.   Өлкө башчынын башка жарлыгына ылайык, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Илияз Иманбетов ээлеген кызматынан бошотулду.… Кененирээк…

Перс булуңунун алты өлкөсү бирдиктүү туристтик визаны киргизет

Перс булуңунун алты өлкөсү бирдиктүү туристтик визаны киргизет. Кеп Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Катар, Кувейт, Оман жана Бахрейн жөнүндө болуп жатат.   Мындай виза бул өлкөлөр ортосунда эркин жүрүүгө мүмкүндүк берет. Ички мамлекеттердин министрлери жалпы “араб шенгенин” бекиткени белгиленди.   Бирдиктүү виза эмки жылдан… Кененирээк…

Бишкектеги эки конуштун ортосунда көпүрө куруу пландалууда

Бишкектеги «Алтын-Казык» жана «Калыс-Ордо» конуштарынын ортосунда көпүрө куруу пландалууда.   Мэриядан билдиришкендей, курулуштун 30%ы жергиликтүү бюджеттен, ал эми калган 70%ы Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланат. Анын алкагында жаңы конуштардагы калктын аялуу топторунун жашоо шартын жакшыртуу максатталууда.

Нарын шаарына 375 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруу пландалууда

Нарын шаарына 375 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендер Архитектура, курулуш жана турак жай чарба мамлекеттик агенттигинин облустук башкармалыгы тарабынан жарыяланды.   Курулуш үчүн пландалып жаткан сумма 168 млн 600 миң сомду түзөт.

KOICA Бишкек мэриясына кайтарымсыз 270 миң доллар бөлдү

Корея эл аралык кызматташтык агенттиги Бишкек мэриясына кайтарымсыз 270 миң доллар бөлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, каражатка шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына керектүү медициналык жабдуулар сатылып алынат.   Мындан тышкары, Корея элчилиги Бишкек мэриясына техникалык жабдууларды тапшырды.   Ошондой эле элчилик Кыргызстан-Түштүк Корея ынтымак паркын көрктөндүрүүгө жардам берет.

Лондондо учактын жаңы түрү пайда болду

Лондондо учактын жаңы түрү пайда болду. Бул «Skybus» деп аталган аба автобусу. Учуучу аппарат 44 жүргүнчүгө ылайыкталган, орто аралыкка уча алат, ошондой эле конуу жана учуу үчүн атайын тилке талап кылбайт.   Учурда самолет кадимки авиациялык күйүүчү май менен иштейт, бирок келечекте аны толугу менен… Кененирээк…

Бишкектеги дээрлик бардык абоненттер жылуулук системасына кошулду

Бишкектеги дээрлик бардык абоненттер жылуулук системасына кошулду. Бул тууралуу “Бишкекжылуулук тармагы” ишканасынан билдиришти.   Ал эми айрым керектөөчүлөргө жылуулук тармактарынын бузулушун жоюу жана ички жылытуу системаларынын жараксыздыгынан улам жылуулук бериле элек.   Эске салсак, Бишкекте жылытуу мезгили 31-октябрда башталган.

Бишкекте автобустар саатына 60 чакырымдан ылдам жүрө албайт

Бишкекте автобустар саатына 60 чакырымдан ылдам жүрө албайт. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.   Анын айтымында, мэриянын адистери атайын программалык комплекс иштеп чыгышкан. Ал кайсы автобус ылдамдык чегинен ашып кеткенин, кыймыл аралыгын бузганын, күтүүсүз тормоз басканын же ордунан жылганын байкоого мүмкүндүк берет.   Чиновник… Кененирээк…